Күнболот Момоконов: «Алмаз Атамбаев таластыктардан кечирим сурасын!»

Мындай талапты Талас облусунун тургуну, журналист Күнболот Момоконов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды:

— Алмаз Шаршенович көп эле кечирим сурап жатат. Таластыктардан качан кечирим сурайт? Күтүп атырык,-дейт журналист.

Эскерте кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев таластыктардын дарегине кемсинткен ачуу сөздөрдү айткан.

«Таластыктар эл болбойт, Талас сага жер болбойт», «Таластыктар Абыке-Көбөштүн тукумдары», ж.б деген сөзү баатыр Манас жердеген Талас элинин намысына катуу тийген болчу. Бул боюнча митинг болуп, убагында Атамбаевди кечирим суроо талабын коюшкан. Алмазбек Атамбаев кечирим суроодон баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу