Күлкүнүн ден соолукка пайдасы…

Күлкү өмүрдү узартат. “Душманыңды карап ачууланба”, “Жөн гана жылмайып кой” деген сөздөрду бала кезибизден бери угуп келе жатсак керек. Чындап эле күлкүнүн ден соолукка пайдасы барбы?

Күлкү-ооруну баса турган дары

Эндофриндер, бакыт тартуулаган гормондор ооруну басуучу касиетке ээ. Бул деген сөз эгер адам жалаң гана күлүп, позитивдик маанайда жүрсө, анда оорудан бат айыгат экен.

Күлкү-жүрөк, өпкөгө пайдалуу

Күлкү-жүрөк, өпкөгө пайдалуу жана иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Адам күлгөн убакытта, анын кан тамырлары кеңейип, ага болгон кысым азаят. Демек, жүрөк оорусуна кабылуу коркунучу төмөндөйт. Өпкө жумушу аткарганда анда кычкылтек көбөйөт. Мындай натыйжа катып калган какырыктарды чыгарууга жардам берет.

Күлкү териңизди жакшыртат

Адам күлгөндө бет булчуңдары эс алып, кан айлануу жакшырат. Жүзүңүз өзгөрүп, эки бетиңиз кызара түшкөнүн байкап эле жүрсөңүз керек.

Күлкү карым-катнашты жакшыртат

Эгерде сиз күлүп ар дайым позитивдүү маанайда жүрсөңүз анда, айланаңыздагы карым-катнашыңыз дагы жакшырат.

Күлкү-бул спорт

Адам узак убакыт күлгөндө ичи жана беттеги булчуң эттери ооруп кетет. Бул эмне себептен? Себеби, адам күлгөн убакытта бет, моюн, арка, ийин жана дагы сексенге жакын булчуң эттер жумуш аткарган болот.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу