«Күйөөм менден бөлөктү карабасын» десеңиз төмөнкү беш жобону аткарыңыз…

Күйөөңүз сизди гана каалап, алаканына салып бапестеп, белектерди берип кубантып турсун десеңиз бул 5 ролду өздөштүрүңүз.

1. Аял ролу

Турмуштун өйдө-ылдыйында, ысык-суугунда  жанында болуңуз. Күйөөңүзгө жашоонун максатын айтып, чоң иштерди жасаганга түрткү берип, балдарынын алдындагы жоопкерчилигин эскертип туруңуз.

Аял – согушта эркегинин өнөктөшү, шериги, жардамчысы, оң колу жана пикирдеши болушу керек.

2. Эне ролу

Жумуштан чарчап келген эркек камкордукту каалайт. Кичинекей балага энеси кам көргөндөй — таттуу токоч жасап берип, керебетине жаткырып, жууркан жаап, башынан сыласаңыз, ал жапжаңы болуп чыга келет, эрдиктерге даяр болот.

Күйөөңүзгө үйгө келгиси келгендей шарт түзүп бериңиз.  

3. Эже ролу

Бир туугандар жүрөгүнүн түпкүрүндөгү сезимдери тууралуу сүйлөшөт, талашып-тартышат, өнөктөш катары чогуу план түзүшөт, идеяларды талкуулашат. Сиз да ошондой болуңуз.

Эженин ролун мыкты аткарсаңыз, күйөөңүз жоопкерчиликтүү мырзага айланат.

4. Кыз ролу

Кыз алсыз болот, жардам сурайт, уга алат. Сөз укпаган кызга эркек ал-күчүн коротпойт.

Кыздын ролу — күйөөсү ачуусу келгенде отко май тамызбастан, аны үнсүз тынчтандырып коюу. Буга адатта бир нече мүнөт (бир нече саат эмес) кетет.

Кыздын ролун ойногонду өздөштүрсөңүз, күйөөңүз сиздин каалоолоруңуз үчүн тоону томкорот. Убагында алсыз боло алган аял камкордукка жана коргоого ээ болот.

Эркек жардамга муктаж кичинекей кызды көргөндө (ал кичинекей кыз 40 жашта болсо да) суперменге айланат.

5. Ойнош ролу

Аялдар кааласа уктоочу бөлмөнү эркек кумар алган жана берген, кызыктуу жана жагымдуу жайга айландырат. Жасалма болбоңуз, ал баарын сезет.

Сезгичтигиңизди, күйөөңүз менен интимдүү нерселерди сүйлөшө билүү жөндөмдүүлүгүңүздү өрчүтүңүз.

«Аял»  ролу – расмий, баары көрөт. «Эне», «эже» жана «кыз» ролу — үй-бүлөсү менен жакын туугандарына гана көрүнгөн жашыруун роль. Ал эми “ойнош” ролу —  интимдүү, ал жакка башкаларды киргизгенге болбойт!

Эгер күйөөңүз сезимдериңизге жооп бербесе, анда ал сиздики эмес!

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу