Күйөөмдү эмес, башканы сүйөм… Эмне кылсам?


Ар бир эле айым турмушка чыгып атканда жолдошу менен өмүр бою бактылуу  жашайм деп ишенет. Бирок айрым үй бүлөлөрдө жубайы башка бирөөнү жакшы көрүп калып, үй бүлөсүн же жакшы көргөн адамын кыя албай кыйналат.  Көйгөй эмне  себептен келип чыгат? Иликтегенге аракет кылып көрдүк.

Психологдордун айтымында бир нече себептери бар, алардын эң башкылары менен таанышып алыңыз.

 Себеп 1: Айым жолдошун жакшы көрбөй тийген

Чындык ушундай. Көпүлүк учурда айымдар жакшы көрүп турмуш курушпайт. Айрымдар кызыкчылык байлык бийлик үчүн тийсе, кээ бирлер кара далы болуп калуудан коркуп тийип алышат. Айымдардын жүргөгү дайым махабатты эңсеп турат. Эгерде ал жолдошун жакшы көрө албаса демек башка бирөөнү жакшы көрүп калышы толук мүмкүн.

Себеп2: Жолдошунун орой мамилеси

Айым чынгы махабат менен турмушка чыкса да , сүйүү жоголуп кетиши мүмкүн. Эгерде жодошу дайыма жубайын ыйлатып, орой мамиле клып,кемсинтип,  аны менен санашпай жатса албетте сезимдер муздайт. Бул жерде күнөөнүн баары эркектин мойнунда.

Себеп3: Мамиледеги кризис

Ар бир үй бүлө бул стадиядан өтөт. Аялы күйөөсү бири бирин жактырбай, бат бат урушуп талашып тил табыша алышпайт. Бул мезгилди жеңип чыккан үй бүлө гана очокту сактап кала алат. Ал эми кыйын учурда айым жүрөгүнө жаккан адамды жолуктуруп калса, менин бактым ушул экен деп кетип калышы мүмкүн.

Себеп4: Зээригүү

Айрым категориядагы айымдар бир адамды өмүр бою сүйүп жашай алышпайт. Үй бүлө, тиричилик, көр окаттан  алар бат эле зээригип кетишет. Мындай категориядагы айымдар дайыма жаңы сезимдерди, жаңы таанышууларды, жаңы адамдарды издешет. Тынч үй бүлө курууну алардын табияты жол бербейт.

Себеп5: Жан дүйнөгө жакын адамды кезиктирүү

Алар бири бирин сыйлайт, мыкты адамдар, бирок бир нерсе дайыма жетишпегендей болуп турат. Балким көз караштары, ойлору, максаттары төп келбейт. Мындай учурда айым аны түшүнгөн,  кызыкчылыктары төп келген адамды кезиктирип калса аны жакшы көрүп калышы толук мүмкүн.

Себеп7: Романтиканын жоктугу

Үй бүлө курулганда эле көпчүлүк көр тирилике кирип кетет. Жолдошу аялына баягыдай комплимент айтып, белек бербей калат. Мамиле деле гүл сыяктуу да. Аны суугарып карап турсаң өсөт, карабай койсоң куурап калат. Үйдүн тирлигинен чарчап жүргөн айымга башка бирөө комплиент айтып, букет роза берсе албетте анын оюу башка жака бурулат. 

Психологдун кеңеши

Анализ жүргүзүңүз

Күнүгө кайталанган чыр чатака чыдап жашоо маанисиз! Жакшы көрбөгөн адам менен жашоо туура эмес. Эгерде чын эле махабат сезимдери жоголуп, баары муздап калса убактылуу мамилени токтотуп коюуңуз. А эгерде себеп башка эркек болуп атса терең ойлонуу керек.

Мамиленин келечегин таразалап  көрүңуз

Жомок сымал баардык мамиле татуу башталат. Бирок анын уландысын эч ким билбейт. Эгерде сиз жолдошуңузду таштап башкага кеткен күндө деле, ал менен бул окуя кайталанбашына көзүңуз жетеби? А балким мындан да татаалдашып кетет.

Чынчылдык

Эң туура эмес кадам айым башканы сүйүп калып, ал менен жашыруун жолуга баштайт. Биринчиден кыңыр иш кырк жылда билинет дегенди унутпаңыз. Экинчиден бул кадамды аалам дагы колдобойт. Жолдошуңздун жана өзүңуздүн  алдыңызда абийириңиз таза болсун.

Туура чечим кабыл алышыңызга тилектешпиз!

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу