Күйөөмдүн ойношунан кантип кутулам?

«Мен мындан ары чыдай албайм», — деп окурманыбыз Гүлзат өз башынан өткөн окуясын биз менен бөлүштү.

Турмушка чыкканыма быйыл 3 жыл болот. Бир кызыбыз бар, экинчисин күтүп жатабыз. Күйөөм келишимдүү, боорукер, баласаак, эмгекчил адам. Тапканын үйгө ташыйт. Бирок, ага болгон сүйүүм муздап барат…

Акыркы убактарда көзүмө тике карабай, эмнегедир менден жалтактап калды. Башында маани берген жокмун. Кийин курбума айттым.

— Ай, ушу күйөөң соо эмес, бир аңдып көрбөйсүңбү?

— Жама, кайдагыны айтпачы, оюң эле жаман.

Түнү менен уктаган жокмун. Кантип аңдыйм, бала менен үйдө болсом, ай-күнүм дагы жетип калган.

Бейтапканага анализ тапшырганы барышым керек эле. Суукта кызымды ээрчитпей, күйөөмдүн жумушуна таштап койдум. Кечинде тамак ичип олтурганбыз. Аңгыча кызым:

— Бүгүн бир эже атамды бетинен өптү.

Шарт бурулуп жолдошумду карадым. Кызарып кетти. Актанабы десем үндөбөдү. Чыдамым түгөндү.

— Канат, ким ал? Жашырам деп убара болбо…

— Кызым бар ойноп турчу.

— Демек, бирөө бар дечи…

— Гүли, мени туура түшүн. Кандайча болуп кеткенин өзүм да билбей калдым. Азыр мен андан кете албайм. Мага убакыт керек. Ызы-чуунун кереги жок. Суранам.

Унчуккан жокмун. Бөлмөмө кирип кеттим. Ыйладым.

Бир ай өттү. Тандай элек. Кетип калгым келет, бирок, бараар жерим, жумушум жок. Эки балам менен эч кимге батпайм. Мага кеңеш бериңизчи.

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт:

Урматтуу окурман! КРдын мыйзамдарына ылайык бир гана аял алууга уруксат берилген. Үй-бүлөсү бар болуп туруп, кайра башка аял менен жакын мамиледе болуу — аморалдык жүрүм-турум. Учурдагы абал сизди, балдарыңызды психологиялык жактан жабыркатып жаткандыгын күйөөңүзгө түшүндүрүңүз. Чогуу олтуруп ачык сүйлөшүңүз.

Эгер сүйлөшүү учурунда уруп-сабоо же коркутуп-үркүтүү болсо, анда жолдошуңуз сизге карата психологиялык же дене-бойлук зомбулук жасаган болот. Бул үчүн КРнын » Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» кодексинде жоопкерчилик каралган.

Ошондой эле, дайыма иштеген ишим, үйүм жок деген коркуу сезими менен жашаганды токтотуңуз. Акырындап өзүңүзгө ылайыктуу жумуш издеп, материалдык жактан көз карандысыз болгонго умтулуңуз. Өзүңүзгө ишенүү сезимиңизди өстүрүңүз!

Булак: «bilesinbi.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу