Күйүп калган мискейди кантип агартса болот?

Ар бирибиздин үйүбүздө кат болуп күйүп калган мискейибиз бар. Аны сиз көргүңүз келбей ырытып жиберүүнү туура көрүп жатасыз. А бирок аны дагы деле тазалап колдонсо боло тургандыгын эстен чыгарбаңыз.

Аны тазалоого эмне керек?

ПВА клейи

72% кир самын

Эмне кылабыз?

Алгач самынды теркадан өткөрүп алабыз. Үйүңүздөгү эң чоң казанга суу куюп көгүлтүр отко коёсуз. Ага ПВА клейи менен кесилген самынды саласыз. Кир самын толугу менен эригенден кийин, ичине өтө кир болуп майланышып калган мискейиңизди саласыз. Ошентип, жай отко үч саат кайнатуу керек. Сууңуз соолуп калбаш үчүн, үстүнө суудан куюп туруңуз.

Үч сааттан кийин мискейди казандын ичинен алып, ага жылуу суу куюп муздатасыз. Мискейдеги майланышкан кирлери жумшарып калат. Аны казан кыргыч менен сүртсөңүз мискейдеги кирлер өзү эле чыгып, жалтырап сонун болуп калат

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу