Күзгү, күзгү ким сулуу?

Сокулук районунун Орок айылында күрд улутундагы менен кыргыз улутундагы балдар мушташып, жыйынтыгы чоң чырга айланып барып токтоду. Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү аркылуу массалык чырга айлануу коркунучу басылды. Мына ошол кооптуу абал боюнча Чүй облусунун жетекчиси Туйгуналы Абдраимов журналисттин суроосуна жооп бербей, аны кайра «Түрүң, кебетең жакпайт, жооп бербейм» — деп мазактап кемсинтип, келекелеп, шылдың кылып каткырып басып кеткен жосунсуз жоругу коомчулукта катуу сынга алынды. Ал түгүл кызматын тапшырып берсин деген талаптар коюлду. Эми жогорку бийлик интеллектуалдык деңгээли, жүрүш-турушу этикага сыйбаган Абдраимовду иштен алабы же калкалап ар кимди мазактатып коёбу чоң суроо болуп турат.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу