Кыялдарыңызды өзүңүз орундатыңыз!

Кыялдарды иш жүзүнө ашырып, пландоо ар бир эле адамдын максаты. Өзгөчө уктаар алдында ойго батып, кыялданга батуу кандай сонун. Алардын ишке ашуусу үчүн, бир гана кыялданып жүрө бербеш керектигин бардыгыбыз эле билебиз.

Кыялдар, максаттар ишке ашыш үчүн ал ар дайым сиздин жаныңызда болуушу шарт. Мисалга, чоң үйлүү болууну кааласаңыз, анын сүрөтүн чыгарып, бөлмөңүздүн бир бурчуна илип коюңуз. Олтурган жумуш ордуңуздагы үстөлдүн үстүнө дагы коюп койсоңуз болот.

Анткени, ал кыялдар кагаз жүзүнө жазылган сайын, сизге жакындай берет экен. Эмнени каалап жатсаңыз, көзүңүздү жуумп дал ошону элестетиңиз.

Карым-катнаш алакаңыз жакшы болсун десеңиз, муңдуу, кайгылуу музыка угуудан алыс болуңуз.

Тагдырдын жазганы болот, а бирок агасебепчи болгон өзүңүз экениңизди эстен чыгарбаңыз!

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу