Кытай экспансиясы. Ири өлкө менен мамилеге кубануу керекпи, же кооптонуубу?

Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университинин студенттери менен жолугушууда Лавров Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда “экстремизм маселеси күчөп”, кытай бийлиги аны менен күрөшүүгө бел байлаганын баса белгиледи: “Кытайдын бул аймагынан чыккан  жүздөгөн, балким бир нече миңдеген экстремисттер “Ислам мамлекетинин” катарында согушуп жатышат жана Сириядагы, Жакынкы Чыгыштагы  башка да террористтик түзүмдөргө аралашып жүрүшөт, — деп билдирди Россиянын ТИМинин башчысы, — Жакынкы Чыгыштан ийгилик издешет,  аларды ал жактан кубалашат, жок кылышат, анан бул топтун калдыктары кайра өздөрүнүн өлкөсүнө, же дагы башка үчүнчү өлкөнүн аймагына киргенге аракеттенишет.  Албетте, мындай түрдөгү саякаттоону тыйуу абдан маанилүү”.

Буга дейре дүйнө коомчулугунда уу-дуу болгон    “саясий жактан кайра тарбиялоо” лагерлеринде адамдар кыйноого алынып жатат деген маалыматты кытай бийлиги  жокко чыгарды. Кытайдагы адам укугу боюнча бюронун өкүлү Ли Сяоцзюнь Reuters агенттигине берген маегинде мындай деген:

«Лагерлерде эч кандай басым жасоо жок. Адамдар ал жакта квалификациясын жогорулатышат, тренингдерден өтүшөт жана өз өлкөсүнүн мыйзамдарын тереңдетип билишет, андан кийин жакшы жумуш таап алышат”.

Өткөн жылдын декабрь айында жана ушул жылдын январь айында болгон “кытайлыктарга каршы” деп аталган митингдин катышуучулары айткан маалыматтар да туура эмес экенин тактоолор аныктады. Мисалы, митингде кыргыз кыздары массалык түрдө кытайларга турмушка чыгып жатат дешип, мындай никенин саны он миңден ашканын кеп кылышкан. Бирок, Мамлекеттик каттоо кызматы 2010-жылдан тартып 2018-жылга чейин 60 чакты гана кыргызстандык кыз Кытай жарандарына турмушка чыкканын, анын ичинде 45и этникалык кыргыздар экенин тактады.

Өткөн жылы Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүктөрдүн ортосунда 1 миң 762 нике катталган, анын 18и гана Кытай  жарандары менен.

«Кытайдын биздин жарандар менен никеге турган  көпчүлүк жарандары – бул этникалык кыргыздар. Россиянын жарандары менен деле ушундай болсо керек деп ойлойм. Биздин көп мигранттарыбыз Россиянын жарандыгын алышканы белгилүү эмеспи, алар бул жакка келип, турмуш курушат”, — деп жакында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ошондой эле өкмөттүн маалыматына караганда, 2010-2018- жылдары Кытайдын 268 жараны Кыргызстандын жаранына айланышкан. Алардын алтоо кытай улутундагылар, калгандары ар кайсы этникалык улуттардын өкүлдөрү.

Мына ушундай дал келбестиктерден улам кытай экспансиясына каршы акциянын жүрүшү, ар кандай чакырыктар негиздүүбү деген суроо жаралат. Биз бир катар ишмерлерге так ушул суроо менен кайрылып көрдүк.

Мурат Орозбеков бизнесмен: Жаман дегенибиз менен 90-жылдары керегибизге кытай товарлары жараган

-Кытай Кыргызстандын экономикасына ири инвестиция салууда. Кыйынчылык каптаган 90-жылдары так ошол кытай товарлары   керегибизге жараганын унутпашыбыз керек. Ооба, сапатын жактырбай жаман көрчүбүз, белгилүү бренддеги товарларга салыштырып шылдыңдачубуз, бирок сатып алууну, кийүүнү, колдонууну уланта бердик… Анткени, андан башка тандоо бизде болгон эмес, муну моюнубузга алышыбыз керек. Эл жакырчылыктын сазына баткан учурда ким кымбат товар сатып алмак эле? Азыр продукциялардын сапаты байкалаарлык деңгээлде жогорулады, а баасы мурдагыдай жетимдүү  бойдон калды.

Жылдызбек Турганов, коомдук ишмер: Бизге Кудай өзү жеткирди

-Кытайлык ишкерлер жана жумушулар өтө эле эмгекчил келишет, аны менен катар чыр да эмес. Башкалардын моюну жар бербеген, ал турмак айрымдарынын  колдорунан келбеген  долбоорлорду ишке ашырышат. Азыр кытай ишкерчилигинде акча толтура. Анан аларды кайсы бир жакка салуулары керек. Учурда алыскы Африка менен Түштүк Америка өздөрүнө бийик бутактагы инвесторлорду тартууга аракет жасап жатканын эске алсак, анда бизге, алардын жакын коңшусуна, Кудай өзү жеткирди.

Кайрат Осмоналиев, юрист: Кытай менен араздашуу аларга эмес, бизге зыян

-Эгер биздин активист аталгандар дагы да кытайлыктарга каршы толкунду күчөтө беришсе, ири коңшубуз Кыргызстан менен чегарасын жаап, товар жүгүртүүнү, деги эле кызматташууну кескин бууп салышы ыктымал. Алар рыногуна бүткүл дүйнөнү камтыгандыктан биз менен мамилесин үзүүдөн жапа чегишпейт,  а биз үчүн сезилээрлик жоготуу болоору ырас. Казакстан менен чегара азганак убакытка жабылганда кандай болдук эле, эстейличи. Жүздөгөн автоунаа жана миңдеген жарандарыбыз чегарада топтолуп, ызы-чуу, үмүтсүздүк орнободу беле. Казак товарларына жана анын рыногуна бизде көз карандуулук төмөн экенине карабай кесепети тийбедиби. Ошондуктан,  колубузда бар нерсенин баркын билишибиз керек да.

Урмат Кененсариев: Кылмыштуулуктун жалпы “картинасын” өзүбүз тартабыз

-Кытайлыктар бизде жол, завод, фабрикаларды куруп жатышат, өнөр-жай өндүрүшүн өнүктүрүшүүдө. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин өзүбүз бир нерсе кура алдыкпы?  Жергиликтүү ишкерчиликнегизинен соода-сатыктан орун-очок алды. Бирок, бир гана сатуу-сатып алуу менен экономика өнүгө албайт.

Чет өлкөлүктөрдүн, анын ичинде кытайлыктардын  Кыргызстандын мыйзамдуулугун бузган көрүнүш чанда кездешет. Алар, тескерисинче, өздөрүн дабышсыз,  тынч алып жүргөнгө аракеттенишет. Анда-санда четөлкөлүктөрдүн кылмыш кылганы тууралуу маалымат пайда болсо, ошол көзүбүзгө уруна калып жатат. Кылмыштуулуктун жалпы картинасын кыргызстандыктар   “тартышаары” менен ишибиз жок.

Болот Шамшиев, СССР Эл артисти: Алар үчүн руханият, маданият – мамлекеттүүлүктүн айрып алгыс бөлүгү

-Кытай биздин өлкө менен маданий жана билим берүү байланышын күчөтүүгө көп көңүл бөлөт, медицина жаатында активдүү кызматташат. Алар үчүн руханият, маданият – мамлекеттүүлүктүн айрып алгыс бөлүгү. Экономиканы жогорку деңгээлде көтөрүп, алар каржы каражаттарынын көп бөлүгүн маданият, искусствону өнүктүрүүгө багытташат.

Айболот Айдосов, кытай таануучу: “Кытай – уктап жаткан гигант”

-Напалеон убагында Кытайды уктап жаткан гигант деп атаган: “Уктаганы жакшы, эгер ойгонсо – дүйнө титирейт”, — деген. Бүгүн Кытайдын кызыкчылыгы сыягы, бир гана Антарктидадан башка дээрлик бардык континенттерде бар. Кытай учурда 20-кылымдын башталышындагы АКШны эске салып турат, бирок Америкадан айырмаланып өнүгүүнүн жеке үлгүсүн таңуулоо менен алдыга жылууга аракеттенбей, улуттук өзгөчөлүктөрдү, менталитетти эске алуу менен сүйлөшүү аркылуу макулдашууга келишет. Мао Цзэдундун: “Чыгыштан башталган шамал Батыштын шамалын багындырат”, — деп айтканы бар. Биз бул алдын ала айтуучулук аткарыла баштаган доордо жашап жатабыз, андыктан биз бул “аба ырайынын” очогунда туруп, жөнөкөй байкоочуга айланып алсак туура эмес болот. Кыргызстандын   учурдан пайдаланып таасирин, ресурсун өнүктүрүп, стратегиялык коңшулар, айрыкча Кытай менен туура мамилесин түптөп алганга мүмкүнчүлүгү кеңири.

Аэлита Сатындиева

Булак: Майдан.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу