Кытайлар “Иштамберди” кенин мыйзамсыз иштетип жатат

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Чаткал жолундагы “Иштамберди” кенин иштетүүгө карты жергиликтүү  ЗООдой тургун 12-июнда митингге чыгышты. Алар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик мучөлөрү жолугушуу өткөрдү. Жашоочулар кен мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү, таза сууга уулуу заттар төгүлүп жатканын, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну жана элге компенсация төлөп берүүнү талап кылып жатышат. “Иштамберди” алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 6ОО дой адам эмгектенет.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу