Кыр-кырда кыйналган, каза болгон кыргыздар

Якутияда токойдо асылып калган кыргыз баланын өлүмү боюнча жакындары чындык издеп чыркырашууда. Москвада кыргызстандык А.И. аттуу жаран жумуш маалында кырсыкка учурап, бир аптадан бери оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Атасы Жаныбектин билдирүүсүндө, бир тууганы курулушта иш маалында электр тогуна урунуп, күйүп кеткен.

Москва шаарынын түштүк жагында «Ауди А8» үлгүсүндөгү унаанын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу полицияга жолдо өтүп бара жатып көрүп калгандар кабарлаган. Иликтөө иштери маркумдун 37 жашта экендигин жана ал Орусияга Кыргызстандан келгенин аныктаган.

«Каза болгон адам Орусиянын борборуна эки ай мурун келген, Орусиянын аймагында убактылуу жүргөндүгү тууралуу документтерди даярдаган эмес. Ошондой эле анын бул шаарда иштебегендиги белгилүү болду. Ал тааныштарына конокко келген деген божомолдор бар. Аны өлтүрүүгө эмне себеп болгондугу иликтенүүдө. «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду» деп айтылат полициянын маалыматында.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу