КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫН таланты жоктор ээлеп калдыбы?

Кыргыз эстрадасында таланттуусу да талантсызы да жайнап кетип шоудан бизнес жасап калышты. Эми бул нерсе жашыруун деле эмес да. Ырдайм дегендин баары эле анча мынча акча менен ырчы болуп саны бар сапаты жок ырчылардын катарын толуктап жатышат. Бул темп менен кетсе жакында шоусу жок эле бизнес өзү калат го дейм. Азыркы учурда учкул сөздөр да пайда болду. Шоуга аралашып, сахнаны ээлеп калам дегендерге таланттын деле кереги жок деп айтышууда. Эң эле негиздүүсү өңү, капчыктуу спонсор жана жулунуп турчу мүнөзү болсо болду дешет. Балким чын эле ошондойдур. Болбосо өзгөчө теле эфирлерди алар кантип ээлейт эле?

Эмнеге сандан сапатка өтө албай жатышат? Коңшуларды карабай деле коелу, эмнеге өзүбүз арданбайбыз. Конкурс деген нерсеге келгенде «какактап» ырдаган ырчылыр барып өлкөнүн намысын коргой алышмак беле.

Мисалы: Айчүрөк Иманалиева, Гүлнур Сатылганова деген булбул үндүү ырчыларыбыз бир эмес бир нече жолу желегибизди желбиретишти эле. Эмичи?

Асел Кадырбекова, Анжелика Бекболиева  деген өңү бар бирок, үнү жок ырчы бар. Мындай ырчыларыбыз аз эмес аттарын  атай берсек көп эле. Конкурсту бул жакка коелу программаларга барганда «кырылдап» араң ырдап, дайыма тамагы ооруп басып жүрөт.

Ошондуктан, аркы беркини карап иш кылсак.

Элнур Элдияр кызы

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу