Кыргыз тилин үйрөнүүдөн баш тарткан Новиков эми кантип иштейт?

Өткөн жылы С.Исаков баштаган жапжаңы жана жаш өкмөт куралганда бийликтин ырын ырдап, барабанын дүңкүлдөткөн ММКлар “Ой премьер-министр өзү 40 жашта, эң жаш министри 30да”,- деп булардын жаштыгын чылап иче тургандай пиар акция уюштурушкан эле. Сыягы, Ак үйдөгү акыл кошчулар бул ирет элдин башын ушинтип айлантабыз деген айла-амалды ойлоп табышса керек. Айрыкча ошол 30 жаштагы экономика министри болгон А.Новиков деген али үйлөнө элек, мурда кагаз ташып гана жүргөн “новый” министрди асманга көкөлөтүшкөн. Ошондо эле айрым И.Масалиев, М.Абдылдаев сыяктуу кошоматчылыкты жек көргөн депутаттар “Бул тепличный балаң
өмүрү өндүрүш тармагында иштебептир, эмнени кыйратмак эле?”,- деп суроо беришкенде чоң “жакшы бала”: “Мен билем, ал жакшы бала, шанс берели”,- деп жалдыраган. Бирок С.Исаков кол койгон токтомго ылайык, быйыл марттан баштап министрлер баш болуп, мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин өз кызматына ылайык эркин билүүгө тийиш эмеспи. Эми бул жагы апенди өзү отурган дарактын бутагын
кыйгандай эле кокуй иш болуп калат экен. Себеби “эрке бала” А.Новиков бир ооз кыргызча билбейт экен. Анан ага кыргыз тилин үйрөтүү үчүн бюджеттин эсебинен жалпысынан 324 миң сом бөлө турган болгондо социалдык тармактарда чоң нааразылыктар жаралып, элдин сүрүнөн коркуп, кайра “кыргыз тилин үйрөнбөймүн” деп чыкты. Эми марттан баштап ал кантип иштейт десең.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу