Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбевге Ат- Башы районунун айымдары: “Куугунтукту токтоттуруңуз!”

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Биздин сизге кайрылып жатканыбыздын себеби- биз сиздин, коррупцияны жоюуга болгон аракетиңизди, мамлекетибиздеги жасалып жаткан жакшы иштериңиздин бардыгын көрүп, колдоп эле турабыз. Тилекке каршы, ошол изги тилектериңизди сизди жандап жүргөн жандоочторуңуз аткарбай жатканын карапайым калк билип көрүп турат. Өзүңүз билгендей 2009-жылкы президенттик шайлоодо, азыркы жаныңызда жүргөн көпчүлүк арзыматтар Бакиевдин камчысын чаап турганда, касиеттүү атбашылыктар сиздин талапкерлигиңизди колдоп, кылычынын кан тамган ошол бийликке да добушун саткан эмес. Бүгүн да атбашылыктардын басымдуусу акты “ак” деп, караны “кара” деп айрып билет.

Сизден өтүнүч, өлкөбүздө болуп жаткан ак жерден каралоону, баягы эски эки бийликтин саркындылары дагы да болсо сасытып жатканын туйсаңыз жакшы болот эле. Ошол эле Акаевдин мөөнөтүн кайра-кайра узартканга шарт түзгөн, Бакиевдин «Ак жол» партиясынын сап башына туруп алып, анын бийлигин бекемдеген Ч.Баекованын жээни Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кыргыз элине, жерине болгон жоопкерчилигин көрүп эле турабыз. Түз айтканда Аида Салянованын бучкагына теңеле алдыбы? “Албетте, жок!” – деп кесе айтсак болот. Тайсалдатпай, түзүн айтканда, мурдагы башкы прокурор, кыргыздан чыккан Маргарет Тетчердей Аида Саляновага кандай гана каралоолор жүрүп жатканын көрүп алып төбө чачыбыз тик турууда. Пенде болгондон кийин адам кемчиликсиз болбойт. Аида Жеңишбековнанын да кемчиликтери болсо керек. Эгемендикке ээ болгондон берки башкы прокурорлордун фонунда ат көтөргүс эмгекти, кайра тартпас көкжалдыкты көргөзүп койгонун кантип танабыз. Азыркыга чейин коррупционерлерди каччысы качып, качалбаганы чөгөлөп турушпайбы. “Мен”- деген жигиттер жасай албаган эрдикти көргөзгөн Аида айымга болуп жаткан каралоолорду журт атасы катары токтотууңузду суранабыз. Аида Жеңишбековнаны каралап сизге жеткирип жаткандар “темирди да отко кактаса эрип, жашып ийилчээк болуп калгандай эле «А» десе «А» деп, «Б» десе «Б» деп калат” – дегендер терең жаңылат. Артында айгайлаган эли турганда кайра курчуп чабылаарын ошол бузукулар унутпаса. Эмитеден алардын жүзүн ачып, сизге жеке адам катары жакпаса да жалпы эл үчүн жан үрөп ак иштегендерди колдоп сүрөп турбасаңыз тарых кимдин-ким экенин бат эле тастыктап коет.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сиздин адамкерчилигиңизге ишенип , канчалаган эр азаматтар, ал мончоктой кыздарыбыз ак жеринен караланып жатканын көрүп кайрылып отурабыз. Мунун баарын “жети өлчөп, бир кесип” тыянак чыгарбасаңыз эртең кеч болуп калчудай. Ал эми сиздин Кыргызстаныбызды бардык тарабынан өнүктүрүп өстүрөйүн деген ак дилден жасап жаткан аракеттериңизден кыпындай да шегибиз жок. Болгону акмактардын айынан сиздей эле “элим-жерим”- деген кыздар балдарыбыздын шагы сынып жатканын көрүп- билип туруп тынч отура алган жокпуз. Башынан ак жеринен кара булут айланып жаткан кыргыздын кыйындарынын башынан өткөн окуялар мындан да оор, мындан да жаман абалда сиздин башыңыздан да өткөнүн билебиз. Андыктан, “ак жеринен караланып жаткандарга жол бербесе экен”- деген тилекте жазган кайрылуубуздан тыянак чыгарат деген ойдобуз. Биз да сизге кайрылаардан мурун айлап толгонуп, анан бул ишеничтин күчөп бара жатканына чыдабай кайрылып отурабыз. Аида Саляновага болгон кастык, атайылаган пастык токтобой турган болсо, биздин үнүбүз жетпесе, анда биздин Сизге болгон ишеним да өчөөрүн, анда тоолук элдин чындап назары сынып, Сиз жасап жаткан саясаттын аягы жакшы бүтпөсүн да өтө сылыктык менен эскерте кетмекчибиз…

Сизди урматтоо менен Ат-Башы районунда жашаган энелердин атынан

Күлбүбү Кулешова, Жейренди Исмаилова, Сабира Асанова ж.б

Булак: “Алиби”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу