Кыргыз-Орус достугу: Эки элчи балдар күнүндө, балдарга майрамдык маанай тартуулашты…

Бүгүн, 1-июнь балдарды коргоо күнүн утурлай КРнын Россиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов жана Россиянын КРдагы Элчиси Николай Удовиченко жубайы менен Чүй облусунун Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жатак мектеп-интернатына барып, балдарды куттуктап кайтышты. Бул мектеп-интернатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим балдар тарбияланып билим алышат. Аликбек мырза бул мектептин бир классын алып, тогуз жылдан бери ошол класстын окуучуларына ар-тараптуу колдоосун көрсөтүп, жардамын берип келе жатыптыр. Аликбек мырзанын айтымында жылына 1-июнь балдар күнүндө жана жаңы жылда сөзсүз келип балдарга белектерин берип куттуктап кетээрин, жана башка жардамдарды берип тураарын белгиледи. Буга чейин бул класстын окуу парталарын жаңыртып бериптир. Буга утурлай эле аталган мектеп-интернатында дагы бир Аликбек Жекшенкулов атындагы математика кабинетинин ачылганына күбө болдук. Аликбек Жекшенкулов сөз алып буларга токтолду: “Кыргызстандын эртеңи, келечеги силерсиңер, жакшы окугула жаман жолго барбагыла, жаман болуш бир паста, жакшы болуш аста аста демекчи, мугалимдердин берген таалим тарбиясын жүрөгүңөр менен кабыл алгыла. Мектепти жакшы окуп бүтүрсөңөр Жогорку окуу жайларына окутууга жардам берем, балдарга камкордук кылуу ар бир инсандын милдети” — деп жыйынтыкдады. Ал эми Россиянын КРДагы Элчиси Николай Удовиченко дагы бул мектептин окуучулары менен баарлашып, аларга өзгөчө көңүл буруп, бооруна тартып, мээрим төгүп жатканын көрүп кубандым. Николай Удовиченко дагы куру кол келбей, атайын балдар үчүн белектерин ала келип тапшырды. Мындан тышкары Николай Удовиченко куттуктоо сөзүн айтып жатып, «эч качан балдар кароосуз калбашы керек, балдар биздин келечегибиз, биз ар-дайым балдарыбыздын татыктуу тарбия алышына кам көрүп, билимдүү жаштарды өстүрүп чыгышыбыз керек» деп белгиледи. Ошондой эле ал мындан ары бул мектеп-интернатына колунан келген көмөгүн көрсөтүп тураарын убадалады. Эки Элчинин мындай кадамдарын көрүп кубанбай кое албайт экенсиң. Бул дагы Кыргызстан менен Россиянын түбөлүктүү достугу, эки элдин ынтымагын ширетип, бири-бирине болгон камкор кадамдары десек туура болот. Мектептин шарты кыйла өзгөрүптүр. Арабдардын колдоосу менен мектепке заманбап үлгүдөгү имарат курулуп, имараттын ичинде авто унаа, чач тарач жана тикмечилик боюнча окутуп үйрөтүүчү класстар ачылыптыр. Мындан тышкары быйыл заманбап жабдуулар менен жабдылган Орус тили кабинетинин ачылыш аземине күбө болдук. Бул мектепке ар-тараптуу демөөрчүлүк кылып келген жүрөгүндө мээрими бар бир топ карапайым инсандарыбыздын бар экени кубантты. Албетте мындай жетишкендиктерге

жетүүнүн артында мектептин директору Раимбек Усупбаевдин эмгеги зор экенин айта кетпесек болбос. Аликбек Жекшенкуловдун балдарга болгон мамилесин көрүп туруп боорукер адамдардан уучубуз куру эмес экенине ынандым. Кыргызстанда колдоого муктаж жаш балдар миңдеп саналат. Акчаларын самандай чачып жүргөн биздин чиновниктерибиз, бизнесмен-оллигархтарыбыз, Аликбек мырзадан үлгү алып кароосуз калган жетим балдарга жардам берип кайрымдуулук иштери менен алек болушса жакшы болмок. Бизде көбүнчө шайлоо жакындаганда гана саясатчы- байларыбыз карыларды, жетим балдарды ойлогон болуп саясий упай топтоого аракет кылышат. Ушундай терс көрүнүштөрдөн арылып биздин саясатчы-байларыбыз акчаларын асманга сапырбай, кайрымдуулук иштерине дагы көңүл бура жүрсө деген ойго келет экенсиң.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу