Кыргыз мигранттар жыл башынан бери 1,3 миллиард доллар которду

Жыл башынан бери кыргыз мигранттар өлкөгө 1,3 миллиард доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, июлда акча которуунун агымы 228,8 миллион долларды түзгөн. Бир ай аралыгында акча которуунун көлөмү 10 миллион долларга кыскарган.

Орусиядан которулган каражаттардын көлөмү 225,1 миллион долларга жеткен. Ал эми жети ай аралыгында Орусиядан 1 миллиард 294,8 миллион доллар которулган.

Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган акчанын көлөмү 229,2 миллион долларды түзгөн. Июлда 37,3 миллион доллар которулган.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу