Кыргыз көкбөрүчүлөрү Сауд Арабияда оюн көрсөтөт

Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасы Сауд Арабияда “Төө фестивалынын” (CamelFestival) алкагында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

— Көкбөрүнү чет жерде жайылтууда жакшы жумуш алып барылбай жатат деп айтышууда. Алдыдагы биздин бара турган сапарыбыз кыргыз көкбөрүсүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп үмүттөнөбүз. Биздин аттар жана көкбөрүчүлөр Сауд Арабияда өтө турган фестивалга даярданып жатабыз. Бирок ал жерде бир гана көкбөрү эмес, Көчмөндөр оюндарында өткөн улуттук спорт түрлөрү да болот, — деди Жыргалбек Саматов.

Саматовдун айтымында, “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалына катышуу ниетин 95 мамлекет билдирген. Аталган иш-чарада көкбөрү оюну көргөзмө катары гана ойнолмокчу.

— Көкбөрүчүлөр кантип барат деген суроого жооп берсем, баары Сауд Арабия тарабынан каржыланып жатат. Бизден 100дөн ашык ат барат. 75 ат көкбөрүнүн аттары, калганы каскадерлордуку. Алардын баарын учак менен алып барабыз. Атайын чиптер орнотулуп, аттарга паспорт даярдалды. Ветеринарлар текшерип жатышат. Көкбөрүчүлөргө да атайын учак келет, – деди Саматов.

Көкбөрүчүлөрдөн сырткары аталган фестивалда улуу көчмөн күрөшү, алыш күрөштөрү да көрсөтүлөт.

“Көчмөндөр ааламы” 9-19-мартта Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт. Этнофестивалдын алкагында ар бир өлкө өзүнүн маданиятын, каада-салтын, улуттук оюндарын көрсөтөт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу