Кыргыз күрөштөн бардык алтын байге Кыргызстанда калды

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын өкүлдөрү бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көлдөгү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын медалды алышты. Байгелер жети салмакта ойнотулду.

Алтын байгелерге Бекболсун Сатканкулов (55 кг.), Амангелди Эсенбек уулу (60 кг.), Равиль Самат уулу (66 кг.), Баястан Идирисов (74 кг.), Чыңгыз Чалабаев (84 кг.), Нурбек Кожобеков (96 кг.) жана Тилек Куралов (абсолюттук салмак) ээ болушту.

Финалда Бекболсун Сатканкулов казакстандык Алишер Муханбетжановду, Амангелди Эсенбек уулу казак балбаны Меиржан Берекетовду, Равиль Самат уулу түркмөнстандык Медет Халлыгурбановду, Баястан Идирисов орусиялык Ислам Фалякуловду, Чыңгыз Чалабаев казакстандык Леонид Станеевди, Нурбек Кожобеков Арман Калиевди (Казакстан), Тилек Куралов тажикстандык Фархад Анакуловду жеңип, алтын медал тагынды.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу