Кыргыз кийимдерин Россияда сатуу кыйындоодо

Россия мамлекетинде ири соода түйүнү дөрүнүн ачылышына байланыштуу Кыргызстандан ал жака киргизилип жаткан кийим-кечектердин сатылышына кыйынчылыктар пайда боло баштады. Бул тууралуу ЖК комитетинде Кыргызстандын жеңил өнөр жай Ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асанов билдирди. Анын айтымында Кыргызстандан барган товарлардын көпчүлүгү орус базарларында сатылчу. Соода үйлөрү Кыргызстандан барган товарларды албаганын себеби, алар товар көлөмүнө жана сапатына басым коюп жатат. Анын үстүнө акыркы кезде Өзбекстандагы өздөрүнүн товарларын ал жака киргизүүнү көчтөнткөн. “Өзбекстанда жеңил өнөр жай тармагы болуп көрбөгөндөй жогорулоодо. Алар муну жолго салууда баардык бул тармактагы ишкерлерди салыктан бошотуп, ишкана үчүн имарат тараптан чоң колдоолорду кылууда”-дейт Асанов.

БУЛАК: Факты.кж 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу