Кыргызстан экс-президенттин ууруларынан, жегичтеринен тазаланууда

Президент чыныгы чарбачылдыгын көрсөттү

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин төрагасы катарында 2018-жылы 8-февралда анын алгачкы отурумун өткөргөндө коррупция менен күрөш аёосуз күчөтүлүп, алар мамлекеттин жана элдин душмандары катарында эсептелери тууралуу айтканда, ачыгын айталы, анын азыркыдай деңгээлге чыгарыларына ишенгендер аз болгон. Анткени, ага чейин жемкорлорго каршы наалаттар, опузалар, атүгүл каргыштар жетишерлик айтылган менен бийликтегилердин күндөлүк иштери, жыйынтыктары аларга шайкеш келчү эмес. Коррупцияга каршы күрөштө айтылгандар менен конкреттүү иштердин толук шайкеш келгендигин өткөн жылдын жазынан бери гана көрүп атабыз. Аны өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Д.Сагынбаевдин 7-февралда басма сөз жыйынында айткандары дагы бир жолу ырастады.

Коррупцияга каршы күрөштүн 2011-жылдан берки бул багытта козголгон кылмыш иштерин инвентаризациялап, сыдыргыдан өткөрүү менен башталгандыгы мыйзам ченемдүү болду. Чарбадар жетекчилердин бардыгы жаңы кызматка келгендеги ишти — ага чейинкилерди, колуна тийгендерин инвентаризациялоодон башташат. Чыныгы абалды, реалдуу жагдайды билмейинче — негизги багыттарды аныктап, алдыга туура, так максат койгонго мүмкүн эмес. Ошондон бери Коопсуздук кеңешинин үч жолку отуруму өткөрүлүп, анда негизинен тармактардагы жемкорлуктар каралды. Өткөн жылдын аягында президенттин өлкөдөгү коррупциянын абалы мурда ал ойлоп жүргөндөн да кыйла оор экендигин мойнуна алганы, мамлекетти жемкорлуктан тазалоо эми гана кулач жайып, системдүү жолго түшө баштагандыгын, күрөштүн көбү алдыда экендигин айгинелейт.

Жемкорлукка каршы күрөштүн укук-ченемдик базасын азыркы иш-аракеттерге ылайык келтирүү максатында тийиштүү ондон ашык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Буга чейин республика боюнча канча кылмыш материалдары жоголгону же жок кылынганы тууралуу эсеп болбосо, өткөн жылы ал инвентаризацияланып, укук коргоо органдары тарабынан жок кылынган 10 миңден ашык кылмыш иштери бар экендиги аныкталды. Кылмыш иштери жоголгондугуна байланыштуу 11 кылмыш иши козголду.

Азыр кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри түзүлүп, ал ай сайын жаңыланып, текшерилип турулат.

Текшерүүлөр тергөөчүлөрдөн, мыйзам коргоочулардан башталган

Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерине ылайык, кызматтык жана экономикалык, мамлекеттик менчикке кол салуу багыттарындагы мурда жабылган 1380 жана убактылуу жана биротоло токтотулган 2747 кылмыш иши текшерилип, изилдеп- иликтөөлөрдүн натыйжасында жабылган 89 кылмыш иши, тергөөнү токтото туруу жөнүндөгү 619 токтом жокко чыгарылып, алардын 153ү кайра текшерилип, тергелип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын 28и боюнча соттун өкүмү чыкты, 47си каралып бүтүүдө.

Мында айрыкча тергеп, тескөө иштеринин сапаттарына негизги басым жасалууда. Өз иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзүшпөгөндүктөрү үчүн 32 тергөөчү тартиптик жазага кириптер кылынып, 3сүнө каршы кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата коррупция, мүлктү мыйзамсыз чыгымдоолор боюнча 10 кылмыш иши козголуп, алардын 9у сотко өткөрүлсө, айрымдарына айыптаган өкүмдөр чыгарылды. Алсак, 200 миң доллар пара алган жеринен кармалган КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын башчысы У.Чалбаевдин ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөн. Бир катар ички иштер кызматкерлери, судьялар боюнча да чечимдер чыкканы турат.

Азыр укук коргоо органдарын жемкорлордон, татыксыздардан тазалоо жүрүп атат.

Экономикалык резонанстуу иштер аягына чыгарылууда

Укук коргоо органдары бир жылдын ичинде жемкорлор тарабынан мамлекетке жалпы көлөмү 6 млрд. 927 млн. 450 миң сомдук зыян келтирилгендигин аныкташкан. Алардын ичинде элди кызыктырганы — ири суммадагы уурдоолорго байланышкан резонанстуу иштер болуп саналат. Ал иштер боюнча 82 адамга айып коюлса, учурда 44ү камакта отурушат.

Алсак, Бишкек ЖЭБиндеги авария, аны оңдоп, ремонттоого бөлүнгөн каражаттарды уурдоо, ал багытта өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген макулдашууларды түзүү боюнча 5 кылмыш иши козголсо, алардын 3сү сотко өткөрүлүп, бирөөсү боюнча өкүмдөр чыкты. Же тендер өткөрүүнүн тартибин бузуп, кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдалануу, мүлктөрдү мыйзамсыз ээликтөө аркылуу мамлекетке 6 миллион 682 миң сом зыян келтиришкендери үчүн Б.Боркоев 7,5 жылга, Т.Ниязов, А.Жусупбеков 7 жылдан, К.Деркенбаев 6 жылга эрктеринен ажыратылышты.

Кызматтык милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбай, ЖЭБдеги аварияга жол беришкендиги үчүн эки кылмыш иши козголуп, “Улуттук энергетикалык холдинг” ААКнынын мурдагы жетекчилери А.Калиевге, Н.М.Сыдыковго, “Электр станциялары” ААКнын мурдагы жетекчилери Т.Бримкуловго, У.Кыдырбаевге, Б.Боркоевге, ЖЭБдин мурдагы жетекчилери Нурлан Өмүркул уулуна, Н.Курманбековго мамлекетке жалпы суммасы 89 миллион 699 миң сомдук зыян келтиришкени жөнүндө айыптары угузулду. Кылмыш иштерине тиешелүүлөрдүн жалпы суммасы 27 миллион 39 миң сомдук мүлктөрү камакка алынды.

Ал эми Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча долбоорду даярдап, ага кол коюп, ишке ашырууга катыштыгы бар С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Артыкбаев, А.Калиев, “Электр станциялары” ААКнын мурдагы жетекчилери С.Авазов, Ж.Назаров мамлекетке жалпы сумасы 5 миллиард 439 миллион сом зыян келтиришкен. Алардын 413 миллион сомдук мүлктөрү камакка алынган. Тарых музейин реконструкциялоодо бюджеттик 118 миллион 215 миң сом максатсыз пайдаланылып, ага кошумча 47 миллин 973 миң сомдук кошуп жазуу табылган. Граниттик, мрамордук плиталарды демонтаждоо учурунда алар таланып жок болуп, мамлекетке 2 млн. 185 миң сом зыян келтирилип, дагы 1 млн. 754 миң сомдук материалдар жоголуп кеткен. Чолпон-Атадагы ипподромду курууда курулуштун көлөмү көбөйтүлүп жазылып, 319 млн. 814 миң сомдун отчёттору берилбеген. Алардын бир бөлүгү тергеп тескөө учурунда өндүрүлдү.

Эки экс-мэрдин эптемейлери

Бишкек шаарынын экс-мэри А.Ибраимовго карата төрт кылмыш иши козголгон. “Дастан” ТУК менен “Дастан Инжиринг” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимде жабдуулардын баалары бир нече эсе кымбат көрсөтүлгөндүгүнөн мамлекетке 21 млн. 942 миң сом, Аламүдүн районундагы 7,28 га жер мыйзамсыз трансформацияланып, А.Ибраимовдун менчигине берилгендигинен 5 млн. 574 миң сом зыян келтирилген. Булардан сырткары, А.Ибраимов “Дастан Инжиринг” ЖЧКсынын кассасынан мыйзамсыз 270 миң доллар алган. Мэр болуп турганда Бишкек шаарындагы 5 гектар жерди мыйзамсыз бөлүп сатууга катышкан. Бул иштердин айрымдары сотто, калгандары тергөө органдарында. “Дастан” ТУК ААКга караштуу “Солнечный берег” пансионаты имараттары түгүл, ал турган жердин баасынан арзан сатылгандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген 82 млн. 750 миң сомдук зыян тергөө учурунда ордуна коюлду. Келтириген зыяндардын ордуларын толтуруу максатында аталган иштерге катыштыгы барлардын жалпы суммасы 28 млн. 359 миң сомдук мүлктөрү камакка алынган. Кытайлык ТВЕА компаниясы бөлгөн 128 млн. сомго Беловодское, Өзгөн районунун Кыргызстан айылдарында 2 мектеп куруу каралса, Бишкектин экс-мэри К.Кулматов экс-президентке жакындыгынан, жекече кызыкчылыгы болгондугунан ал каражатты мэрияга бөлдүрүп, ага бюджеттен 104 млн. сом коштуруп, тендерсиз шаарда 1 гана мектеп курдурган.

Ошондой сыйымдуулуктагы мектеп Алай районунда 70 миллион сомго бүткөрүлсө, мэрия ага 230 миллион сомдон ашык каражат сарптаган. Бул ишке тиешелүүлөрдүн 63 млн. 793 миң сомдук мүлктөрү камакка алынган.

Паракорлор СИЗОлордон паанек табышууда

“Сагызган сактыгынан эмес, суктуган торго түшөт” деген сөз бар. Анын чындыгын Аскарбек Шадиевге байланышкан кылмыш иши аныктады. Өлкөнүн биринчи-вицепремьер-министри, ЖКнын депутаты болгон адам парламенттер аралык Ч.Айтматов сыйлыгына берилчү 30 миң долларга суук колун сала койгондугунун айынан сырттан 10 жылга эркинен ажыратылып, жалпы көлөмү 30 миллион долларлык мүлктөрүнөн ажырады.

Ал убагында экс-президентке эң жакын адамдардын бири болгондугунан дайыма майлуу-сүттүү орундардан алыстаган эмес. Конфискацияланган мүлктөрүнүн канчасы “майлуу-сүттүү” жерлерден табылган, аларды сүрүштүрүп, териштиргенге да убак келет деп ойлойбуз. Анткени, ал, анын жакындары катышкан ири долбоорлордун бардыгында суроолуу маселелер бар.

Экс-президенттин дагы бир жакын адамы И.Илмияновго кылмыш иши козголуп, кыймылдуу мүлктөрүнүн бардыгы камакка алынган фирмалардын бирине ортомчу болуп, андан 150 миң доллар пара алып, камакка алынган мүлктөрдүн сыртка чыгарылып кетүүсүнө көмөктөшкөндүгү үчүн кармалган. Ага тийиштүү мүлктөрдүн бардыгы камакка алынган. Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары А.Жусубалиев автожолду курууда тендерде артыкчылык берүү үчүн жалпы көлөмү 520 миң доллар пара сурап, анын 50 миң долларын алып жаткан жеринен кармалды. Андай маселени орун басардын өз алдынча чече албастыгы кимге деле болсо түшүнүктүү, аны ага түрткөндөр, “крыша” болобуз дегендер кармала элек.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин Бишкек РЭБинин бөлүм башчысы Н.Алмаматовдун системалуу пара алып келгендиги аныкталып, анын 65 миллион сомдору камакка алынды. Экс-президент дайыма көтөрмөлөп жүргөндөрдүн бири — Д.Зилалиев болчу. Ал Агенттиктин директору болуп турганда жер казыналарын иштетүү боюнча 1500дөн ашык лицензиялар же көз карандысыздыктан бери жалпы берилгендердин 3/2 бөлүгү берилген. Алардын жөн берилбегендиги анын байлыктарын териштиргенде аныкталды. Бир жумушсуз тууганына 41 лицензия берген. Ага жалпы суммасы 111 млн. 805,5 миң сомдук мүлктөр таандык, тинтүү учурунда үйүнөн 3,5 млн. сом жана 100 миң доллар, банктагы ячейкасынан 889 900 доллар табылган. Азыр анын бардык байлыктары камакта.

Милдеттүү салыктарды, төлөмдөрдү жашыргандарга карата да аёосуз чаралар көрүлүүдө.”Росинбанк” тарабынан ири өлчөмдө салыктар жашырылгандыгы аныкталып, ага жалпы суммасы 1 млрд. 44 миллион сомдук салык кошумча чегерилген. “Айхан” ЖЧКсы айрым бажы кызматкерлери менен биргеликте салыктарын жашыруу аркылуу мамлекетке 166 млн. 971 миң сомдук зыян келтиргендиги аныкталып, ага аралашкан “Түндүк” бажысынын жетекчиси Н.Айбашев кармалып, анын мүлктөрү камакка алынды.

Бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусов, анын экс-биринчи орун басары А.Сулайманов бир катар кызматкерлери менен биргеликте системалуу түрдө ошондой иштерди жасап жүрүшкөндүктөрү жөнүндө айыпталышууда. Алардын бардыгынын мүлктөрү камакка алынган.

Депозит жана декларацияларды текшерүү

Президенттин тапшырмасына ылайык, 2018-жылдын 3-июлунда Өкмөт өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн атайын депозиттик эсеп ачкан. Ага ушул жылдын 1-февралына карата 1 млрд. 37 млн. 686 миң сом каражат келип түшкөн. Ал каражат Бишкекте, Чүйдө мектептерди, балдар бакчаларын курууга жумшалганы жатат.

Мурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери жана чыгашалары боюнча декларацияларды толтуруусу эч кимге ысык, суугу жок формалдуу кампаниялардын бири болуп, аларды жогорку деңгээлдеги жетекчилер үчүн алардын катчылары, жардамчылары толтуруп жүрүшсө, өткөн жылдын 1-июлунан тартып декларацияларды масштабдуу текшерүүлөр башталды. Учурга карата 44 миңге жакын декларация текшерилип, өз декларацияларында анык эмес маалыматтарды чагылдырган 317 кызмат адамы боюнча маалымат укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Фискалдык органдардын кызматкерлеринин декларациялары боюнча 50дөн ашык материал прокуратура органдарына берүүгө даярдалууда.

Декларациялар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдүн долбоору даярдалып, өкмөттө каралууда. Анда “жакын туугандары” деген түшүнүк кеңейтилген. Коррупциялык тобокелчиликке жакын кызмат адамдарынын, ири сатып алууларды, чыгашаларды жасагандардын декларацияларын милдеттүү түрдө текшерүү каралган. Же 2020-жылдан тартып декларацияларды текшерүүнүн жаңы механизмдери киргизилгени жатат. Ошентип бир сөз менен айтканда, жемкорлор үчүн мейкиндиктер тарып, алардын аркалары кууш болуп баратат. Алар азайса өлкө тазарып, динамикалуу өнүгүүгө жол ачылат.

Автандил БЕЛЕКОВ

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу