Кыргызстан хоккей жаштар курамасы АКШга жөнөп кетти.

Хоккей боюнча жаштар курама командасы АКШда 1-8-декабрь күндөрү өтө турган «Barrington Ice Arena» Кубогу үчүн күч сынашат.

Башкы машыктыруучу Ринат Мустафаев жана Саламат Тыналиевдин айтымында команда биринчилик үчүн баратат. “Биздин атаандаштар дүйнөдөгү эң күчтүү оюнчулар Орусия, Канада жана Америка курамалары экенинен тартынбайбыз. Ал тургай бул кубандырат. Олуттуу командалар менен беттешүү балдарга пайда гана алып келет”-дейт башкы машыктыруучу.

Санк-Петербургдагы “СКА” хоккей мектебинин оюнчусу 8 жаштагы Нуртемир Сулайманов курама команданын жылдызы болууда. Кыргызстандык жаш оюнчу Орусиядагы жаштар арасында хоккей боюнча бир нече байгелердин ээси:

«Хоккей эң мыкты оюн. Хоккейди эмоция үчүн, командалык оюн үчүн жакшы көрөм, баары бири-бири үчүн ойнойт. Эгер сени дайым коргосо сен дагы өнөктөшүңө жан дилиң менен жардам бересиң”-дейт Нуртемир Сулайманов.

Кыргызстан курама командасы бир нече миңдеген аренада Америкадагы эң маанилүү турнирде «Barrington Ice Arena» Кубогу үчүн ойнойт.

Ийгилик каалайбыз!

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу