«Кыргызстан» фракциясы Дамирбек Асылбек уулунун сотуна мониторинг жүргүзөт

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын өкүлдөрү Казакстанга барып, мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун сотуна катышып, мониторинг жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна депутат Нурбек Алимбеков билдирди. Анын айтымында, сот 2-ноябрда уланат.

— Бизден да өкүлдү катыштырганга аракет кылып жатабыз, — деди ал. — Казак тараптын “ал биздин жаран” деген версиясы бар да. Ошондуктан азырынча ашыкча сөз айта албайбыз. Сотко бизден өкүлдөр катышат. Ошондон кийин маалымат бере алабыз.

Быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган эле. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шек санаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу