Кыргызстан Орусияга чийки этти экспорттой алат

Орусия 2007-жылы чийки этти киргизүүгө тыюу салган эле. Буга Орусия тарап кыргызстанда малдын шарп ылаңы эпидемиясы күч алганы менен түшүндүрүп келген. 12 жылдан соң Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы коюлган чектөөсүн алынгандыгын маалымдады. Эми Кыргызстандан чийки этти ЕАЭБдин алкагына кирген мамлекеттерге экспорттоого жол ачылды. Фермерлерлерибиз этти өзүбүздүн базарлардан сырткары Россиянын рыногуна сату мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу