Кыргызстан жараны нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялап, оозун тигип салды.

Тараздагы 158/4 абагында жаза өтөп жаткан 3-топтогу майып, Э.Тентимишев аттуу Кыргызстан жараны нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялап, оозун тигип салды. Бул тууралуу кече, 2-мартта Акыйкатчынын институтунан билдирди.

Жарандын мындай кадамга баруусуна 158/4 абагынын жетекчилигинин улутуна карап Э.Тентимишевди дискриминациялоосу себеп болгон.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, Э.Тентимишевдин укугунун корголушуна көмөк көрсөтүү менен анын укуктары бузулган учурлар аныкталса, күнөөлү жактарды жоопко тартууну суранган.

Ошондой эле Акыйкатчы Тентимишевди Кыргызстанга алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн колго алуу өтүнүчү менен Кыргызстандын Баш прокуратурасына жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу