КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ДЕМИЛГЕЧИСИ ЖАНА АВТОРУ БОЙДОН КАЛАТ

Экс-президент А. Атамбаевдин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстан башкаларга берип салды деген сөзү чындыкпы? Редакция ушундай суроо менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылган. Алардан төмөндөгүдөй мазмунда жооп алдык. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2012-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин алкагында демилгеленген. 2014-жылы 1, 2016-жылы 2, 2018-жылы 3- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасында өткөрүлүп, 2020-жылы 4-оюндар Түркия Республикасында өткөрүлмөкчү. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча эки өлкөнүн ортосунда келишим иштелип жатат. Кыргыз Республикасы демилгечи автор катары Түркия Республикасынан кийинки өткөрүүчү мамлекет менен да келечекте келишим түзөт. Мындан тышкары, көчмөндөр оюндарын жыл сайын өлкөнүн бардык облустарында өткөрүп туруу чечими кабыл алынды. Быйыл көчмөндөр оюндары Талас облусунда өтмөкчү. Азыркы кезде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси жана автору катары Кыргыз Республикасынын укуктарын коргоп калуу иштери жүрүп жатат. Эң башкысы, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жер жүзүндө тынчыкты, элдердин ынтымагын, биримдигин бекемдөөгө багытталган конструктивдүү долбоор бойдон калат.

БУЛАК: Де Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу