Кыргызстанды сактап кала алабызбы?

Он кылымга жакын мамлекеттүүлүгүн жоготкон кыргыз элине Ельцин, Кравчук, Шушкеевич эркиндик алып келишти.

Тарых муну “Беловежский” көңтөрүшү деп да айтып келет. Ушинтип дүйнө жүзүнө өтө чоң коркунуч жаратып, 15 мамлекетти бириктирип турган СССР деген чоң империя кулады. Жер жүзү жеңил дем алгандай болду. Таркаган 15 мамлекет 15 жол менен өнүгүүгө бел байлашты. Кыргызстан мыйзамды сыйлаган, демократияны бел туткан, рыноктук жол менен өнүкмөк болду.

Сырттан караган адамга бул жол туура көрүнөт. Бирок мындай болбоду. СССРдин убагында эл арасында “АКШнын атом бомбаларынын 1-кезеги Москваны, 2-кезеги Фрунзени (азыркы Бишкекти) карап турат”- деген имиш сөздөр айтылчу. Себеби, Фрунзеде эң алдыңкы технологиядагы курал жабдыктарды чыгаруучу ондогон завод-фабрикалар бар эле. Эми ушул линияларды, цехтерди, жабдууларды бир аз эле өркүндөтүп, эл керектөөчү өнөр жай товарларын чыгаруучу завод, фабрикаларга айландырууга толук мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок мындай болбоду. Мамлекеттин, элдин тагдырынан өз чөнтөктөрүнүн камын өйдө коюшкан Акаев, Бакиев, Атамбаевдер булардын баарын 3 сменада вагондорго жүктөшүп сатып жиберишти. Завод, фабрикаларын саткан мамлекетте жакшылык болмок беле, миллиондогон элдер жумушсуз калып, дүйнө жүзүн кезип, тентип кетишти.

Муну менен катар эле мамлекеттик байлыктар жеке менчиктерге сатылып, талана баштады. Тактап айтканда, мыйзамда айтылгандай приватташтырылбай эле “прихватташтырылып” кетти. Мына ушулардын баарын бийлик башында тургандар сатылган соттордун жардамдары менен ишке ашырышты. Мына ушинтип килейген мамлекет заматта эле таланып, тонолуп кетти. Мамлекетти, элдик байлыкты талап тоноо ошондон бери эле токтобой келе жатат. Себеби ошол талап, тоноонун башында мамлекет башчылары өздөрү турганын бүгүн Алмазбек Атамбаев моюндады. Бир чын-төгүнү аралаш учкай сөздү айласыздан эстейт экенсиң. Бакиев Кытайдын жетекчиси менен сүйлөшүп отурса ал Курманбектен: “Кыргызстанда канча эл жашайт”- деп сурайт. Түз эле “6 миллион” деп чынын айтат. “Оо сиз бактылуу адам экенсиз. Анда сиз республикадагы ар бир адамды өңүнөн тааныйт экенсиз да”- деп сураптыр Кытай башчысы. Ошол өңдүү, тырнактай Кыргызстанда зор өлчөмдө мамлекеттик казына уурдо акылга сыйбаган нерсе. Ичип-жегенди “президент билбей, байкабай калыптыр” дегендер болсо, ар жактагылар “оркойгон нерсени көрбөй, байкабай калган президенттин акыл-эси ордундабы?”- деген суроо беришет. Акыл калчап, ой жүгүртсөк, мунун чындыгы бардай. Буларда: Бишкек ТЭЦтеги, Датка-Кемин электр чубалгыларынын, алтын кендеринин, текейге тете пулданып кетиши, эки Нарындагы ГЭСтердин курулушундагы РусГидро менен жана башка толгон токой афераларды айтсак болот. Бул афераны байкап калган Путин “өздөрү араң жүргөн кыргыздарды алдадың” деп “РусГидронун” башчысын кызматтан алып, түрмөгө камап койбодубу. Кыргыз тарабынан бул аферанын башында курулушка капсула салаарда алагүү болуп алып, Нарындыктарды сөгүп, күрөгүн көтөрүп чуркап жүргөн Атамбаев экенин Путин билди бекен?!

Дегеле Кыргыз Президенттери өздөрү Кыргызстандагы кандайдыр бир проектилерди колдоп, күрөктөрүн көтөрүп чуркап калганда эле бир мандем болбот. “Кумтөрдү” айтпаганда (“Кумтөр” жөнүндө өзүнчө соз болот) Акаевдин убагындагы Манас аэропортун реконструкциялоону сөз кылалы. Ошондо Аскар Акаев Жогорку Кеңеште: “айланайындар, мени колдоп койгула, мындай пайдалуу проект Кыргызстанга келеби, келбейби ким билет. Жапондордун жардамы менен аэропортубузду оңдоп алайлы. Проект ишке ашса транзиттик бир да чоң самолет бизге конбой кетпейт”- деп 90 миллион долларлык грантты жеп кетти. “Жеп кетти” дегеним азыр Манас аэропортуна транзиттик чоң самолеттор эмес, орто самолеттор конушпайт. Анткени “Манас” аэропорту чоң самолетторду кондуруп, учурууга техникалык жактан даяр эмес. Демек, жапондор бөлгөн 90 млн. доллардын 9,0 миллиону аэропортту оңдоого кеткен эмес. Анын көпчүлүгү тойбогон топор Акаевдин чөнтөгүнө кеткен. Айланайын кыргыздар, мамлекет башына келгендердин баарысы эле ууру болуп, Кыргызстанды үй-бүлөлөрү, жоро-жолдоштору менен тоной берсе карап отура беребизби? Келгиле Түштүк Кореядагыдай, Жапониядагыдай мыйзам киргизели. Жапониянын тарыхында үч жолу эмес, эки жолу премьер-министрликке шайланган жетекчи болгон эмес.

Өлкөгө зор эмгеги сиңген, 3 жолу катары менен премьер-министр болуп шайланган Танаканы прокурорлор мамлекет үчүн самолеттордун моторун жасаган Америкалык “Локхид” фирмасы менен пайдасыз келишим түзгөн деп түрмөгө камашпадыбы. Ал эми Түштүк Кореянын президенттери түрмөгө камалып, атылышы көнүмүш нерсе болуп калгандыгын баарыбыз билебиз да. Биз мына ушунда гана Кыргызстанды сактап калабыз. Болбосо жүздөгөн алдыңкы технологиядагы завод, фабрикалары болуп туруп, тоолору толтура алтынга толгон жерде тентип калгандыгыбызды кантип, эмне деп түшүндүрөбүз. Буга бир эле түшүндүрмө бар. Бул коррупция. Коррупция Кыргызстанды толугу менен чулгап алган. Ачык жери жок. Мына ошондуктан урматтуу президент, Кыргызстандагы кызмат башында тургандарды “оптом” эле дарга асып, түрмөгө камай баштабасак, ишибиз оболу оңолбойт. Ал эми тандап түрмөгө отургузуу Кыргызстан үчүн өтө опурталдуу. Урматтуу Президент! Ойлонуп көрөлүчү! Чейрек кылымдан ашык мезгилде бир дагы сот туура эмес чечим чыгаргандагы үчүн түрмөгө камалбаптыр. Муну эмне дейбиз?

Кыргыз эли маңкурт, судьялары акылдуу дейбизби. Дүйнө жүзүнүн баардык элдерине “Жаман эл жок, жаман адам бар” деген макал-лакап бар. Демек, биздин сот адилеттүүлүгүндө бир шойком бар. Сооронбай иним, бүгүн ачык айталы. Ачык айтпай жашыра берсек, баякы “Өлүм ооруну ишкерелейт” дегенге жакындап калдык. Биздин трагедиябыз бул — президент менен соттордун биригип кетүүсү. Муну ачык айта албай, амалдуу десе амалдуу, акылдуу десе акылдуу эки премьер-министрибиз Кулов менен Бабанов: “жок дегенде Жогорку Соттун судьяларын же Америкадан, же Европадан алып келели” деп чоң жыйында ыйлаганда элдин баары шолоктоп, муундары бошободу беле. Ошолордун арасында Сооронбай иним, сен да болсоң керек эле. Ошол эсиңе түшүп, жаңы президент болгондо, соттордун эки бутун бир кончуна киргизем деп опурулуп, жапырылгының кыргызстандыктарга туннелди ары жагынан көрүнгөн шамдай болду эле. Бирок, бул шам бүлбүлдөп өчкөнү калды.

Соттор менен разборканы жылдын аягына жылдырганың бул ишти акырындатып, унуткарып кетүүгө кылган аракетиң. Дагы бир жолу айтамын. “Өлүм ооруну ашкерелейт” деген сөз бар дүйнө элдеринде. Биз эми соттордун зомбулугунан Кыргызстанда граждандык согуш чыгып кеткиче алардын акмакчылыктарына чыдап отура беребизби? “Эсиң барда этегинди жый” деген сөз бар кыргыз элинде. Анын сыңарындай, Сооронбай иним, сөздөн ишке өтүп, калыстыктан тайган сотторду соттой баштабасаң, баякы эл жок, “ал эле, бул эле” дегениңе ишене бергендей. Сооронбай иним, “кана бир экөөнү айтып көрчү” деп мени текшергиң бардыр. Мен Кочкорлукмун. “Рисковать” этпей, Кочкор айылында болгон окуяны Сизге айтып берейин. Солтонкулов Шумкарбек Кочкор айылынын чок ортосунда Сагымбай Орозбаков менен Шамен көчөлөрүнүн кесилишиндеги өзүнүн жаңы салган жана атадан калган үйлөрүн бузуп, 14,6 сотых жерге чоң базар салат. Муну үчүн банктан кредит алат, арендаторлорду чакырат.

Мына ушундай арендаторлордун бири Касымов Съездбек болот. 2015-жылы 1-январында Касымов менен Солтонкуловдор 1 жылга аренда келишимин түзүшүп, кучакташышат. Касымов Съездбек базардын өтүмдүү жерине жеңил конструкциядагы чоң магазинди 1-2 айдын ичинде тургузуп, соодасы жакшы жүруп кетет. 1 жыл өтөт 1,5 жыл өтөт. Съездбек сөзго келбейт. Бир күну Съездбек Солтонкуловдун баласына келип, “менин башымды аренда төлө деп оорутпа” дейт. Көрсө, Кочкор айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Бейшенкулов Съездбекке убада берген экен, “жерди сага алып беремин” деп. Айласы кетип, амалы түгөнгөн Солтонкулов аренда мөөнөтүнөн 8 ай өткөндө сотко кайрылат. Ишти баякы “Легендарлуу” Батукаевди түрмөдөн бошоткон Эрматов деген сот карай баштайт. Эрматов сотту 6 айдан кийин Солтонкуловдордун жактоочусу болуп мен Нарынга барганда баштады. Соттун экинчи отурумунда күбө катары өтүп жаткан Кочкор айыл өкмөтүнүн кызматкери Бейшенкулов иштеген жеринин атынан жылаан чакпай, жылкы теппей эле Сотко Солтонкуловго каршы доо арыз менен кайрылды. Көрсө, Солтонкулов 2012-жылы 28-мартта 6 сотых жерди арендага алганда гезитке жарнама бербей калыптыр. Бул айылдык өкмөттүн 6-класс билими бар адисинин акылы эмес, ою жетпей турган афераны судья Эрматов өзү баштаганын акыл эси ордунда ким да болсо айтат. Соттун 1-отурумунда угуучу катары отурган Токтоналиев Самат Садыкович деген дароо эле Кочкор айыл өкмөтүнүн бекер адвокаты болуп калыптыр. Сурамжыласак Самат Садыкович судья Эрматовдун “шестеркасы” экен. Айлакер алдамчы судья чала сабат юрист менен биригип алышып, жарандарды бир-бирине кайраштырып, чымындан төө жасашып, мыйзамды бурмалашып, акча жасашат окшойт.

Оо шумдугуң кургур Атамбаевдин заманы! Мындай шумдук тандемдер Атамбаевдин дегеле мамлекеттик иштер менен алектенбей, чиновник, сотторго өз билгендерин кылууга ачыктан ачык жол бергендигинен болду. Атамбаевдин бул акмакчылыгы Кыргызстанды граждандык согушка жакындатты. Мындан эки-үч жыл мурун жаалданган Ала-Букалыктар судьяны кеңсесинен алып чыгышып, көчөдө көк бөрү тартып, сүйрөп сабашып, милициянын изоляторуна алып келип, камашканы Кыргызстанды 2-3 күн граждандык согуштун кырына алып келип, мамлекетти титиретип турду. Сооронбай иним ,Кыргызстандыктардын көпчүлүгү азыр Сиздин “Соттордун эки бутун бир кончуна киргиземин” деген бекем убадаңызды качан ишке киргизет деп чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Башкалар унутса дагы бул убадаңызды биз журналисттер, унутпайбыз. Сотторду туура эмес чыгарган чечимдери үчүн соттоону баштабасак абал күндөн күнгө оорлой берет.

Мен үчүн эмес, Сооронбай иним, Сен үчүн. Мен тээ кичинекейимде эле СССРдин кулашын айтып чыкканымды эстесең, балким угаарсың мени. Алаксып кеттик окшойт окурманым. Кайрылып Кочкорго келели. Ошентип Судья Эрматов келжиреп, оюна келген ой толгоолорду жаза берген тамтаңдап. Ал Кочкор айыл өкмөтү менен Солтонкуловдун ортосундагы огородко жакын жерди арендага берүү боюнча биз жогоруда көрсөткөн 2012-ж. 28-мартындагы келишимдин бир топ пункттары “туура эмес болуп калыптыр”- деп жанын жейт. Бул жерден судья билимин эмес, аферистигин даана эле көргөзүп койду. Анткени айыл өкмөтү менен Солтонкуловдордун ортосундагы биз жогорудагы сөз кылган келишим “типовой” келишим. Мындай келишимдерди өкмөттүн аппаратындагы юристтер даярдап, Башкы прокуратура менен Жогорку Сот тарабынан текшерүүдөн өтөт. Демек, судья Эрматов акылдуу, калган Жогорку сот, Башкы прокуратуранын, өкмөттүн адисттери маңкурт экен да. Дальше больше. Эрматов өзүнүн чечимин негизинен “Эки тарап келишим тузүп жатканда Солтонкулов “жер сатылат деп гезитке жарнама бербей калыптар, ошондуктан салынган дүкөн бузулсун”- деп чыгарган. Мындан биз дегеле Эрматовдун акыл эси ордундабы, анын чынында эле юридикалык билими барбы?” деген ойго келебиз. Себеби, Биз Солтонкулов менен айыл өкмөттүн ортосундагы акыркы келишимди алып, жакшылап окуп чыксак гезитке жарнама берүү Кочкор айыл өкмөтүнүн милдети экен.

1. Демек Судья Эрматовдун бул дооматы мыйзамсыз болгон. 2. Кочкор айыл өкмөтү менен Солтонкуловдордун ортосундагы акыркы келишим 2012-ж. 28- мартында түзүлгөн. Ал эми айыл өкмөтү Солтонкуловду 2016-ж. кышында сотко берип жатпайбы. Демек, мыйзам боюнча айыл өкмөтү Солтонкуловду сотко бере алмак эмес. Себеби, алардын сотко кайрылуу мөөнөтү (3 жыл) өтүп кеткен. Кээ бир кыйындар, балким судья Кочкор айыл өкмөтүнүнүн сотко кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтиргендир деп айтышаар. Жок мындай болгон эмес. Демек, судья мыйзамды өтө одоно түрдө бузуп, кылмышка барган. Дальше больше. 2012-ж. 28-мартындагы Кочкор айыл өкмөтү менен Солтонкуловдун ортосундагы келишим 7 барактан туруп 65 пунктту камтыйт. Соттук териштирүүдө Кочкор айыл өкмөтү да, судья Эрматов да, Солтонкуловдун ушул 65 пункттун бирөөсүн да бузганын далилдей алышкан жок. Бирок судья Эрматов келжирек, алтек талтек сүйлөгөн президент Атамбаевке таянып алып, мыйзамсыз чечим чыгарды. (Уландысы бар)

Кытайбек РАМАНОВ, журналист, коомдук ишмер

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу