Кыргызстанды кемсинткен жылаңач ди-джейге жаза күчөтүлсүн!

Бишкектеги түнкү клубда жылаңач болуп алып кызмат көрсөткөндүгү үчүн камакка алынган украиналык ди-джей Юлия Михайлова (DJ Julia Mixa) Кыргызстанды «артта калган жана өнүкпөгөн мамлекет» деп атаганы баарыбызга маалым. Ал оозуна алы жетпеген аягы суюк неме өзүнүн соцбаракчасына: «Кыргызстан бардык артисттер үчүн кара тизмеге киргизилди. Акырында айтарым… Эң артта калган жана өнүгө элек Кыргызстанда жашаган адамдарга боорум ооруйт», – деген. Бул жеңил ойлуу кыздын оюна койсо, жылаңачтанган кыздарга уруксат берген өлкөлөр укмуш өнүгөт окшойт.

“Ретро-Метро” клубунда жылаңачтанып иштеген бул кызды сот административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн аны 5 күнгө камакка алуу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары клубдун администраторуна 1500 сом айып пул салынып, 8 сааттык коомдук жумушка тарткан болчу. Кыязы, бул жаза ага жеңил эле болуп калган. Ошон үчүн оозуна келгенди оттоп жатат да. ТИМ бул боюнча өз милдетин аткарып, түшүндүрмө бериши керек.

Булак: Багыт 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу