Кыргызстандын Президенти болгусу келген, талапкер Таалатбек Масадыковду билесизби?

Мына ушундай мекендешибиз бар. Бул адамды элита деп эсептелген чакан чөйрө жана бийлик жалпысынан билет. Бирок карапайым калктын анчалык кабары жок. Анткени, ал узак жылдар бою чет мамлекетте эмгектенип келген адам. Тар чөйрөдө Таалатбек Масадыковдун күздө өтө турган Президенттик шайлоого катышууну көздөп, талапкер болуп чыгууга аракет кылып жатканы айтылууда.

Саясатта, коомчулукта деле азырынча анын анчалык салмагы жок. Бирок ал бизде мамлекеттик кызматта иштебеген, мамлекеттик казынаны тонобогон адам десек болот. Элге жакса, дал ушул жагынан жагат. Билими тайкы эмес, терең экен. Бирок саясаттагы көз караштарын элибиз биле элек. Анын башка өлкөлөрдө достору көп экени, эгер талапкер болуп талпынып чыкса, моралдык жана, айрыкча каражат жагынан да колдоочулар жетиштүү дешет. Кыскасы, Таалатбек мырзанын капчыгы калың окшобойбу… Анын азыркы бийлик менен мамилеси кандай экени да көпчүлүккө кызык болсо керек. Ал тууралуу да, өзүнчө жазарбыз.

Биз сөз кылып жаткан каарман тууралуу төмөндө учкай маалыматка көз чаптыралы: Масадыков Чүй жергесинде туулган. 1978­жылы орто мектепти аяктап, ал кездеги СССРдин Тышкы иштер министрлигине караштуу МИГИМОну 1984­жылы аяктаган. Аскер кызматын өтөп, андан соң СССРдин “Краснозамен” аскер институтунда пушту (ооган) тилинен мугалим болуп иштеген. Ошондой эле Ооганстандагы советтик кеңешчилердин катарына кошулган. Бул өлкөнүн Улуттук билим академиясында 2 жыл иштеп, котормочу, туткунга түшкөндөр боюнча эксперт болгон. Билимин дагы да улантып, илимде кандидаттыгын жактаган. Кийин доктор болгондугу айтылат. Союз кулаган соң Москвада бизнес менен алектенген.

Ошол жылдары 1997­1998­жылдары Кыргызстанда ЖОЖдо (АУЦАда) мугалим болуп иштейт. Лондондо экономика жана саясат илими боюнча мектептин докторантурасынан билип алгандан кийин, БУУда (ООНдо) иштеп баштайт. 13 жыл Ооганстанда, Пакистанда, Иранда БУУнун өкүлү болуп эмгектенген. 2002­2014­жылдары БУУнун Ооганстандагы атайы саясый миссия боюнча директору болуп иштеген.

Кыргыз, казак, орус, пушту, дари, фарси, түрк, тажик, өзбек, түркмөн, англис тилдерин билет.

Доктор Масадыков акыркы жылдары эл аралык мамилелер, талибдер, баңгизат, ооган ж.б. маселелер боюнча эксперт болуп өз пикирин байма­бай билдирип, дүйнөнүн бир топ чоң жыйындарына катышып келет. Байкап туралы, жакын арада өз талапкерлигин ачык жар салып чыгабы, же орто жолдон айнып кетеби? Балким, башка талапкерлер менен биригет, же соодалашууга барабы? Мунун баарын убакыт көрсөтөөр…

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу