Кыргызстандык окуучу кыз грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык окуучу кыз Айдай Орозбекова спорттун грэпплинг түрү боюнча Казакстандын Астана шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын жана коло медал тагынды. Кыргызстандын UWW грэпплинг федерациясынын катчысы Сейтек Толтоевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюштурган дүйнө чемпионаты 6-9-сентябрь күндөрү өтүп, ага 24 өлкөнүн спортчулары катышкан.

Таймаштар алты куракта: үйрөнчүктөр (12-13 жаш), окуучулар (14-15 жаш), кадеттер (16-17 жаш), жаштар (17-19 жаш), чоңдор (20-35 жаш) жана ардагерлер (35 жаштан жогорку курак) арасында өткөн.

Айдай Орозбекова окуучу кыздар арасында грэпплингдин No Gi (кимоносуз) түрүнөн 57 килограммга чейинки салмакта айлампа тартибинде өткөн таймашта төрт атаандашын удаасы менен жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Орозбекова грэпплингдин Gi (кимоно менен) түрү боюнча да күч сынашып, коло байге алды.

Айдай Орозбекова 15 жашта. Бишкек шаарында 9-класста билим алат. Буга чейин Кыргызстанда жана Казакстанда өткөн бир нече мелдештерде байге ээси болгон. Жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпиону.

Грэпплинг боюнча Астанада өткөн дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 27 спортчу катышты. Алардын арасынан кыргыз спортчулары эки алтын, сегиз күмүш жана 15 коло байгеге ээ болушту. Орозбековадан сырткары дагы бир кыргызстандык спортчу Айбек Арсымбаев ардагерлер арасында грэпплингдин Gi (кимоно менен) түрүнөн 62 килограммга чейинки салмакта алтын байгеге ээ болду.

Чемпионаттын жүрүшүндө мелдешке катышкан 24 мамлекеттин Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) талаптары жана уставы боюнча иш жүргүзгөн грэпплинг федерациясынын өкүлдөрү жыйынга чогулуп, спорттун бул түрүн дүйнө жүзүнө таратуу жана өнүктүрүү боюнча декларация кабыл алышты. Уюмга мүчө болгон Кыргызстандын UWW грэпплинг федерациясы быйыл жай айларында Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Грэпплинг — күрөштүн бардык дисциплиналарынын ыкмаларын камтыган, буту-колду чоюу, муунтуу ыкмалары азыраак чектелген спорттук жеке таймаштын түрү. Бул жапондордун жиу-житсу күрөшүнүн европалык модификациясы (үлгүсү) катары саналат.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу