Кыргызстандыктар “революциячыл” Атамбаевдик бийликтин “толук үзүрүн” көрө турган учурлар жакындап келе жатат…

Кыргызстан менен жалпы Кыргызстандыктар “революциячыл” Атамбаевдик бийликтин “толук үзүрүн” көрө турган учурлар жакындап келе жаткандыгынын белгиси болгон сымал, жакындап калган кышкы сууктан кабар берген кеч күздүн ызгаар шамалындай болуп, жалпы КМШ аймагынан да ары кеңири таркаган кабарларга ынтаа бура турган болсок, дегеле алдыда кубандыра турган жышаандар жок экендигине эриксизден ынана баштайсың…

Мамлекеттик сырткы карыздын көлөмү 2018-жылдын 31-майына караган көрсөткүчтөр боюнча алганда, 4,5 млрд доллардан өтүп, 5 млрд деген “чекти” чапчып бара жатат. Укмуштуудай тездик менен, геометриялык прогрессияда өскөн бул цифралар бир гана ачуу чындыкты каңкуулагансыйт: эгерде кырдаал өзгөрбөй кала берсе жана да бул багыттагы жасала турган чукул арадагы кескин аракеттер көрүлбөсө, абал мындан дагы оорлошкондон оорлошо берет!..

Мына, Россиялык «РусГидро» компаниясы мурдараак Кыргызстан менен өз ара түзүлгөн, шатыра-шатман болгон добулбастар кагылып, жаркын келечек жөнүндөгү узак-узак, улам кайталанып айтылган, тажатма жомоктор менен коштолгон келишимдердин күтүүсүздөн эле үзгүлтүккө учурап калгандыгына байланыштуу, ошол келишимдин “добулбастуу” доорунда короткон баштапкы чыгымдары үчүн эле, эми Гаага сотуна кайрылып, 37 млн $ды Кыргызстандын өкмөтүнүн кекиртек-кокосунан жулуп алууга ынтызарланып жатыптыр. Эмне демекчибиз, эзелтен берки элибиздин накыл кебине муюп, “ээси келсе — ​бээсин бер” демекчи, “арылдап үрбөй” эле, өтө маданияттуу түрдө Эл аралык сотко кайрылган «РусГидрого» тизе бүгүп жыгылып берип, алар Жогорку-Нарын ГЭС каскадына короткон чыгымды төлөп берүүгө мажбур болорубуз талашсыз факт.

Бул долбоор жөнүндө сүйлөшүүлөр 2012-жылы башталып, жогоруда айтылгандай, зор шаан-шөкөт, пиар-кампаниялар менен коштолуп, аягында келип, “апрель революциячыларынын” көптөгөн иллюзиялуу кыялдарынын бири сыяктуу эле ишке ашпай, ара жолдо кала берди. 2016-жылы кыргыз тарап бир тараптуу түрдө, эч кандай эл аралык дипломатиялык мамилелер эрежелерин сактабай, орустардын компаниясын карата абдан маданиятсыз айыптоолор менен аяктагандыктан, бул күтүлгөн эле жыйынтык болчу деп айтууга болот.

Эмне үчүн мындай болду? — ​деген табигый суроого жооп издеп кыйналыштын да кереги жок. Тереңирээк ойлонуп көргөн адамга, ал жооп эч кандай сыр болуп катылып жатпай эле, ошол өз ара келишимдин үстүндө эле калкып жүргөн сымал туюлат. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул энергетикалык гидрокаскадды куруу долбооруна камтылган чыгымдар эки эседен көп кымбаттатылып көрсөтүлгөн. Дал мына ушул жерден мыйзамченемдүү суроо жаралышы керек: ким ал “чоң айрыманы” өз кулкунуна куюп алууну каалаган болчу? Демек, өз ара “ысык-ымалалуу” мамилелердин бузулушуна дал ушул айрымачылык — ​аны кандай үлүштө жана кантип бөлүү керек, кимдин жеке чөнтөгүнө кандай жолдор менен канча каражат түшүшү керек? — ​деген “талаштар” себеп болгон окшойт деп боолголосок болот.

Арийне, орус тарап түз жүргөн жана өз жеке чөнтөгүн ойлосо да, муну мыйзамдуулукка жакын алкакта ишке ашырууну көздөгөндөрдөн куралган сыяктанат. Болбосо, өз былыктары чыгып калуусунан коркушуп, Гаага сотуна кайрылмак турсун, кыргыз тараптын каалаганындай “бийлеп” беришмек.

Ал эми эл аралык арбитраждык сотко кеткен чыгымдар, штрафтарды төлөө жана пайыздык үстөктөрү менен кошо, Кыргызстан 40 млн доллар чыгымга дуушар болот экен.

Дагы жакшы, жогорудагы сумма уламдан-улам, көчкү сымал үстүдөн басып, улам убакыт өткөн сайын тездик менен өсүп бара жаткан Кытай тараптын кредитиндей өлчөмдө болбой калды. Антпесе, Гаага “төлөй алсаңар төлөп кутулгула, болбосо банкротпуз деп жарыялап, мамлекеттик мүлкүңөрдү, жериңерди сатыкка койгула!” — ​десе, олтуруп бермек окшойбуз, чимкиригибизди агызып…

“Эки оору бир келсе — ​ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе — ​амалыңдын кеткени” деп айтылат эмеспи, азырынча ошол “эки доочунун” (а чынында мөөнөттү күтүп жаткан доочулар арбын экендиги маалым!) бири гана бизди жакадан алып жатыр. А Кытай тарап болсо, алдыртан, жылма мамиле жасоону улантканына караганда, Кыргызстанды карызга жедеп батырып туруп, андан кийин гана, эч кандай эл аралык сотсуз эле, “кебез менен мууздаганды” көздөп тургандай сезилет.

“Мамлекеттик мүлк” демекчи, Кыргызстанда 2017-жылы — ​азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган чагында эле — ​114 чыгашалуу мамлекеттик ишканалар жоюлган, дагы 63ү реорганизацияланган. Башкача айтканда, жылдан-жылга кирешелүү жана мамлекет тиреги боло ала турган ишканалар азайгандан азаюуда.

Ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун айтымында, көптөгөн ишканалар чыгашалуу болгондуктан, өздөрүнүн уставдык милдеттерин гана аткара албай тим болушпай, коррупциялык инструментке да айланып калышкан. Алардын негизги максаты — ​киреше табуу экендигине карабастан, алар кайра мамлекеттик бюджеттен мыйзамды бузуу жолу менен каржыланып турушкан. Маселен, белгилүү бир фильмде “сен өз жүнүңдү колхоздун жүнү менен чатыштырба” деп айтылмакчы, депутат Акылбек Жапаров менчиктеп алган Канттагы МИС (Машиналык-сыноочу станция) деп аталган, экономикалык потенциалы айтылуу Ленин заводунан да кем болбогон ишканага мамлекеттик бюджеттен 200 млн сом ссуда бөлүнгөндүгү ачыкталган!..

Азыркы кезде республикада 1130 мамлекеттик ишкана катталган, алардын ичинен 900ү иштебейт, башкача айтканда, кагаз жүзүндө гана — ​аты бар заты жок ишканалар. 66сы мамлекеттик мекеме делип, кайра түзүлгөн. Кыргызстанда 164 гана ишкана иштеп жатыптыр.

Дагы бир кызык факт: ошол ишканалардын ичинен 33ү гана натыйжалуу иштейт экен. Анткен менен, мамлекеттик ишканалардын соңку 5 жыл ичиндеги киреше көрсөткүчүн түзгөн графигине көз чаптырып олтуруп, алардын таза кирешелери да жылдан-жылга азайып бара жатканы ачык көрүнөт. 2012-жылы бул цифра — ​2.2 млрд сом болсо, 2013-жылы — ​2 млрд сом, 2014-жылы — ​1.2 млрд сом, 2015-жылы — ​865 млн сом, 2016-жылы — ​820 млн сомго чейин азайган. Буга эми комментарий берүүнүн да кереги жок. Цифралар өзү эле айтып турат. Ал эми инфляциянын таасирин (доллардын 42 сомдон 70 сомго жеткенин!) эске ала турган болсок, жогорудагы көрсөткүчтөрдүн чыныгы абалы сырткы көрүнүшүнөн дагы алда канча начар экендиги түшүнүктүү.

Ушундай көңүл чөктүргөн фактыларды карап олтуруп, эң эле кирешелүү, ал тургай стратегиялык маанидеги орунду ээлеген “Кыргызгазды” 1 долларга (!) сатуунун канчалык кажети бар эле?! — ​деген суроо жаралбай койбойт. Бул суроо келечекте соттук териштирүүнүн предметине айланып кетсе да таң калуунун эч кереги жок.

Ушундан улам, кайра эле “атактуу Гаага” сотуна чейин жеткирген “Русгидронун” чырдуу келишимине байланыштуу, ар кандай түкшүмөлдөр да жаралбай койбойт. Өз чөнтөгү жана мамлекеттик, жеке бизнестик чама-чаркы чакталуу Кыргызстан эмне үчүн мындай кескин “ажырашуу” чараларына бара алды? Жыйынтыгында, инвесторлор четте тизилип турат, керек болсо, алардын ичинен бышкан коондой кылып, чекеге чертип туруп тандап алабыз деген ооз көптүрүүлөр дагы жөн эле жел сөз болуп чыкты. Аз жерден дагы бир “Лигласс” сыяктуу эл аралык аферисттердин кайрымагына илине жаздап барып, араңдан зорго кутулуп кеттик!..

Демек, коомчулукка расмий түрдө башка маалыматтар таркатылганы менен (“Русгидронун” акчасы жок экен, жакын арада бүтүрө албайт” ж. б.д.ус.), чыныгы себептери башкадай сезилет. Айталык, Россиялык инвесторлор: “Мейли, чыгымдарды силер каалашыңарча көтөрөлүк, бизге эмне — ​суук да эмес, жылуу да эмес мындан, силер айланып келип эле өзүңөрдү — ​өз элиңерди карактап жатасыңар да! А бирок, бизге ушул гидрокаскаддардын госпакетинн 51 пайызын бергиле?” — ​деген шарт коюулушу да толук мүмкүн болчу. Асыресе, “Кыргызгазга” байланыштуу коомчулуктагы терс маанайлардын жаралышы “инвестор тартуучуларды” бир аз чочулатып, “үркүткөн” кейпи бардай!..

Асыресе, “Кыргызгаздын” символикалуу баага сатылышы адегенде эл арасында нааразычылыктарды туудурганы менен да, кийинчерээк Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын дээрлик баарына газ түтүктөрү тартылып, ал тургай Чүй жана Ош областынын эзели газ деген эмне экенин билбеген айрым айылдарына чейин газдаштырылып жатышы, — ​оң мааниде баалана турган өзгөрүү, алдыга карай жылыш катары баалоо зарыл. Маданий-экономикалык жактан элге пайдалуу жаңылыктарды алып келгени менен, бир гана өкүндүрүп турган жагы — ​баягы эле саналуу болгон кирешелүү мамлекеттик ишканаларыбыздын биринен — ​болгондо да, азыркы кезде эң эле бараандуу жана стратегиялык багыттагы тармактын колдон чыгып кеткени болуп жатпайбы!?

Дегеле, биздеги мамлекеттик ишканалар дагы өз функцияларын так аныкташпай, же билип турушса деле, толук аткарышпай, жеке менчик ишканалардай, же акционердик коомдордой иш алып барып жатышканы жашыруу эмес. Бул деле болсо — ​баягы эле: өзүн-өзү актап, киреше алуу деген умтулууга такалары турган иш. А бирок, мындай аракеттер түздөн-түз мыйзам бузуулар менен коштолуп жатса, мындай аракеттерге барышкан тиешелүү жооптуу адамдар мыйзам чегинде жоопко тартылышы абзел.

Мисалы, кечээ жакында эле “алты вертолетубуз бар, анын ичинде экөө бузук, төртөөнүн бири президенттин учуулары үчүн, экөө бош турат” деп мактанып жүрүшкөн республикалык аскер-аба күчтөрүнүн бир тик учагы трагикомедиялык жагдайда кыйроого туш болду. “Аскердик сыр, мамлекеттик сыр” деген түшүнүктөрдү түп-тамырынан четке жыйыштырып коюп, биротоло коммерциялык багыттагы кызмат көрсөтүүгө өтүп алууну көздөшкөнбү, же кекиртектен кыскан муктаждык мажбурлаганбы, айтор, чет өлкөлүк туристтерди кыргыз тоолуу асманынын аскаларында “сейилдетип” жүрүшкөн кезде, тик учак капталынан кулап, анын ичиндеги европа өлкөлөрүнөн келишкен туристтер жана экипаж мүчөлөрү оор жаракат алышканы маалым болду.

Азыркы кезде эл аралык чалгын кызматы, анын ичинде шпиончулук да мезгил талаптарына жараша кескин өзгөргөндүктөн, адатта андай “деликаттуу функцияларды” көбүнэсе дипломатиялык кызматкерлердин, журналисттердин жана да туристтердин чүмбөттөрүн жамынышкандар аткарып калышканы маалым. Андай болгон соң, туризм боюнча түзүлгөн мамлекеттик агентчилик, Маданият министрлиги бул багытта жеткире иштей албай жатышкандыгы ачык көрүнүүдө. Чет элдиктер биздин аскердик вертолетко түшүп, мамлекеттик сырды алып жүрүшкөн адамдар менен бир “жылуу кампанияларда” чогуу болушуп, каалаган жерлерин сүрөткө тартып алуусуна чек коюлбаганы мындай турсун, аларга “маршруттук лист” деп аталган белгилүү бир географиялык чектөөлөр да жок.

Мамлекеттик, аскердик, коммерциялык жана жеке менчик ишканалардын баарынын тең башкы кызыкчылыктары бир гана багытка — ​эптеп эле киреше табуу деген максатка карай бурулуп калганы көрүнүп турат. Жеке менчик жана коммерциялык ишканалар жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Ал эми мамлекеттик ишканалар мындай “рельске” биротоло түшүп алыша турган болсо, андай мамлекетте жакынкы эле араларда сатылбай турган эч нерсе калбай калат.

Ишенбек Муртазев

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу