Кыргызстандыктар кара тизмеден чыгарылып жатат

7 миңден ашык кыргызстандык Россиянын кара тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, айрым кыргызстандыктарды кара тизмеден чыгаруу иштери кыйын болуп жатат.

“2017-жылдын акыркы айларында кара тизмеде 77 миң киши катталган. Азыр алардын саны 70 миңге түштү. Тизмеден чыгаруу процесси уланууда. Бирок, 50 миңге жакын киши соттун чечими боюнча кара тизмеге киргизилиптир. Аларды сот гана чыгара алат”,-дейт Э. Абдылдаев.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу