Кыргызстанда чет элдиктерди каттоо онлайн түрүндө болот

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда чет элдиктерди каттоо онлайн түрүндө боло турган схеманы даярдап жатат.

БИШКЕК, 20-дек. – Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында түзүлгөн «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Кыргызстанга келген чет элдиктер интернеттен эле каттоодон өтүп ала турган долбоорду даярдап жатат. Бул туурасында Калкты жана жарандык абалды каттоо боюнча департаментинин директору Махабат Пратова айтып берди.  Анын маалыматына караганда, адистер аталган долбоорду 15-январда иштеп чыгып бүтөт. Ушул эле күнү Кыргызстанга келген чет элдиктер токтогон мейманканадан интернет аркылуу каттоодон өтүп ала турган схема иштей баштайт.  «Чет элдиктердин беш күн ичинде каттодон өтүшүн жокко чыгарган токтомдо жашы жете электерди каттоо каралган. Башка жактан бизге балдары менен кошо келип, өздөрү артка кайтып, балдарын дагы бир нече убакытка чейин туугандарыныкында эс алууга таштап кеткен учурлар кездешет. Мында жашы жете элек баланы алып калган туугандарынын бири каттоого тургузуп коюшу зарыл», — деди Пратова.

Дагы: http://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20161220/1030883853/ehmi-chet-ehldikter-onlajn-kattala-alyshat.html

Аргумент.kg
Жооп калтыруу