Кыргызстанда калктын саны 6 миллион 400 миңге чукулдады

2019-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 389 миң 500 деп эсептелди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Учурда элдин облустарга, райондорго, шаарларга карата катышы жана улуту, жынысы, курагы боюнча курамы такталып жатат. Ошондон кийин гана кенен маалымат жарыяланат.

Өлкөдө калктын саны 2018-жылдын 1-январында 6 миллион 256,7 миң, 2017-жылдын 1-январында 6 миллион 140,2 миң, 2016-жылдын 1-январында 6 миллион 19,5 миң деп саналган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу