Кыргызстанда жардыруу уюштурууну көздөгөн эл аралык террорчу кармалды

Шектүү Кыргызстандын аймагында террордук жана башка жардыруу акцияларын жүзөгө ашыруу максатында Сириядан мекенине келген.

УКМК билдиргендей, кармалган Х.М. 42 жашта, мурда соттолгон.

Ал 2014-жылы Кыргызстандын паспортун жасалмалап, Түркияга, андан ары Сирияга кеткен. Ошол жактан эл аралык террордук уюмдун катарына кошулган.

“Кыска убакытта эл аралык террордук күчтүн активдүү мүчөсүнө айланып, Сирияда өкмөттүк күчкө каршы согушттук аракеттерге катышкан. Кийин Түркияда отуруп, Сирияга согушчандарды жиберүү боюнча ири каналга жооптуу болгон”, – дешти УКМКдан.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу