“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары кызматынан алынды

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин орун басары Бектур Сагынов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө Сагыновду кызматтан алуунун себеби айтылган эмес.

Бектур Сагынов бул кызматка 2015-жылы дайындалган. Ал “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун экономика, финансы жана инвестиция тармагын тейлечү. 2016-жылы кошумча Кыргызстандын атынан «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп шайланган.

Мурдараак Сагынов Кумтөр боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Консультативдик кеңештин катчылыгында эксперт болуп иштеген. Ошондой эле президенттин жана өкмөттүн аппаратында энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти болгон.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу