Кымча бел, чимирилген Шевченко. Спортчунун цыганча бийлеп жаткан видеосу

Видео 2012-жылы тартылганы менен, мушкер аны Жаңы жылдын (2019) биринчи күнү жүктөгөн.

UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко цыган бийин чимириле аткарып жаткан видеосун Instagram баракчасына чыгарды. Ал бийди эки күн ичинде 23 миңге чукул адам көргөн.

«Бир нече жыл мурдагы жаңы жылда, Перуда», — деп жазган Шевченко видеонун алдына.

Мушкердин энеси Елена Шевченко бийдин видеосу 2012-жылы тартылганын айтты.

Буга чейин спортчу төрт тилде, анын ичинде кыргыз тилинде жаңы жылдык куттуктоосун айткан.Шевченконун октаганго чыгып мушташкандан башка өнөрүн көбү биле бербесе керек. Ал гитарада кол ойнотуп, сүрөттү мыкты тартат, тапанчаны таамай аткан талантка ээ. Ошондой эле дүйнө элдеринин бийин билет.

Эске сала кетсек, былтыр 8-декабрда Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енжейчикти UFC 231 турниринин алкагында утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу