Кыз-жигитке кеңеш. Сүйүктүүңдүн ата-энесине кантип жагуу керек?

Мына ошентип, сүйүктүүңдүн ата-энеси менен таанышууга убакыт келди. Ата-энесине кантип жакса болоорун бул көрсөтмөдөн таба аласың.

Кыздын ата-энесине кантип жакса болот?

Чыныгы мырза экениңди көрсөтүп, этикалуу бол.

  • Таанышууга классика кийинип бар
  • Кызың сылыктык үчүн эч нерсе албай эле кой дейт, бирок, кур кол барба
  • Апасына гүлдесте, дасторконго торт ал
  • Жаш балдарга шоколад болот
  • Үйүнүн жайлуулугун айтып өт
  • Апасынын тамагын макта
  • Маанайың ачык болсун.

Анткорлонбо! Кандай болсоң, ошондой бол! Роль ойноонун кереги жок.

Таанышуу учурунда буларды жасаба:

  • Көп сүйлөбө, берген суроолорунан качпа
  • Талашып — тартышпа
  • Диний, саясий суроолорду козгобо
  • Мактанба.

Жигиттин ата-энесине кантип жакса болот?

Болочок күйөөңдүн ата-энеси менен таанышууга бараардан мурун мыкты даярдан. Алгачкы таасир өтө маанилүү экенин унутпа.

Өзүңдү сыйлаган адам экениңди көрсөткүң келсе, сүйлөп жатканда полду же шыпты эмес, көздөрүнө кара. Тике карап туруп алба!

  • Көйнөгүң жөнөкөй болсун
  • Өтө ачык боенбо
  • Чачыңды иретте
  • Апасына гүлдесте унутпа
  • Дасторконго торт ал
  • Үйдүн тазалыгын айтып өт
  • Тамагын макта, рецебин сура
  • Дасторкон даярдаганга жардам бер.

Булар сага жардамчы болот:

  • Тамактанып бүткөндөн кийин апасы менен сүйлөш
  • Баласын мыкты тарбиялаганын айтып, кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн сура
  • Жигитиң тууралуу көбүрөөк билгенге аракет кыл
  • Конок көпкө калбайт, бир себеп айтып, ыраазычылыгыңды билдирип кет.

Эсиңде болсун, сүйүктүүңдүн ата-энеси, сенин ата-энең эмес. «Эми булар сенин үй-бүлөң»,- деп айтылган кептерге карабастан, алардан ата-энең жасаган мамилени күтпө.

Мамиледе ар дайым аралыкты сакта, сылык болуп, жылмайып, ушактарга, талкууларга катышпа, белек берип көңүл буруп тур.

 

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу