Кыз бала эмне үчүн атасына жакын болот?

Себеби, апалары ар дайым бөгөт коёт, алар ар дайым сын пикир менен кайрылат, аталары болсо кыздарын коргойт…

Бизге байкалбаганы менен апалар кыздары менен ар дайым атаандаштык мамиледе болот экен. Башкача айтканда алар ар дайым кыздарына сын айтып, алардын түз жолдо жүрсүн деп аракет кылат. Аталары болсо, алар менен жарышка түшпөйт жана сын айтпайт.

Ал ортодо энелер жумушка дагы, үйүнө дагы жетишип, ар дайым балдарынын жанында болсо, аталары эртели-кеч жумушта болуп, алардын жанында көп убакыт болуу мүмкүнчүлүгү аз.

Атасы апасына караганда кыздарын аз урушуп, алардын жүрөгүн аз оорутат.

Көрсө жашоодо кыздардын атасы алар үчүн алгачкы “Эркек модел” болуп элестелет. Атасы кандай гана болсун, кыздар аларды жакшы көрүп, жашоодо дагы атасына окшош жигитке ашык болушат экен.

Аталар кыздарына: “Аны аткарба, муну жасаба, ташта, колуну жуу, кулайсын” деген сөздөрдү аз колдонот.

Алар көбүнчө кыздарын: “Азаматсын!, Мынча сулуу болуп калгансын” сөздөрүн колдонот.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу