Кызым, кечир, мен чоң ката кетирдим. Эненин каты…

— Апа, мен кеттим, жакшы калыңыз!

— Ммм, макул…

Чуркап келип кучактап, атаң менен чыгып кеттиң. А мен сени беш мүнөт мурун эле кагып-силкип, “эй, бери кара, шалтактабай жакшы жүр, уктуңбу!” — деп кийимдериңди салыштырып бергем.

Атаң чоң энеңдикине айылга алып бараарын айтканда, катуу сүйүнгөнсүң.

— Апаа, апа, Эсперенсаны (сүйүктүү мамалагың) алып алсам болобу?

— Аны эмне кыласың?! Кайра эле эки күндөн кийин келесиң.

— Анда жанагы “көпөлөгү” бар көйнөгүмдү кием а?

— Башымды оорутпачы, ал жука, өпкөңө суук тиет. Отур бас, тамагыңды ич!

Жөн да тамак ичирген жокмун: кашыкты туура карма, оозуңа көп салба, шашпай чайна, бийлебе, конфетти анан жейсиң….

Ичип бүтүп туруп баратсаң, жөн калбай, “түз бас”,-дедим.

Балконго чыктым. Атаң менен машинага олтуруп жатып, кол булгалап, “воздушный поцелуйчигиңди” жибердиң. Боорукерим, көңүлүңдү оорутсам да апалап турасың.

Машина жүрүп кетти. Мен жалгыз калдым. Коркуп кеттим.

Ойлоп көрсөм, дайым сени жемелеп басып жүрөт экем. Өзүмдөй чоң киши ойлоп, али 5ке толо элек кичинекей кыз экениңди унутуп, сенден көп нерсени күтүп жүрүпмүн. Баарын эми түшүндүм, мен чоң ката кетирдим. Берекем, мен сени жакшы көрөм.

Эки күндөн кийин келесиң. Үйдө сени башка апа тосуп чыгат. Ооба, мен эми чыныгы апа болом. Мындан ары секирсең секирем, бийлесең бийлейм, ыйласаң ыйлайм. Сени урушкум келгенде, али бала экениңди өзүмө эскертип турам. Чекке салып, аны кылба, муну кыл дебейм. Жаман жакшынын айырмасын айтып, биринчи кезекте сенин оюңду угуп, кеңеш берип, жакын курбуң болгонго аракет кылам.

Апаңды кечир кызым…

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу