Кызылча эмнеге пайдалуу?

Акыркы учурда тамак-аштын сапаты начарлап, андан улам көпчүлүк адамдардын иммунитети менен гемоглабини түшүп жаткандыгын байкоого болот. Гемоглобинди оңой, чыгымы аз жана бат көтөрүү жолун сизге сунуш кылабыз.

Ал үчүн сизге сабиз жана кызылча жана бал керектелет.

Даярдоо жолу

Эң алгач сабизди жана кызылчаны кайнатып бышырып алабыз. Аларды өткөргүчтөн өткөрөбүз. Өткөргүчтөн өткөзүп алынган 300 грамм сабизди, 300 грамм кызылчага 300 грамм бал кошуп аралаштырабыз. Ошол даяр болгон аралашманы муздаткычка салып коёбуз.

Даяр болгон аралашманы күнүгө ач карын тамакка отуз мүнөт калганда жеш керек. Эки жумада гемоглобиниңиздин көтөрүлүп калганын байкай аласыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу