«Кызыгы» тарап, «сонуну» соолугандардын «Кыргызстан» партиясы

Максаттуу, багыттуу жана туруктуу позициясы жок эле туруп, кызылдай акчанын күчү менен көздөгөнүнө жеткиси келгендер иргеп алгансып бир жерге ээрчишип келип чогулушат тура. Дегеним, «Кыргызстан» деген партия бар эмеспи. 2015-жылы шанлоого үч ай калганда «туулган». Туулганда да жалаң акчалуулар анан тилинен балтамган «жомокчу» саясатчылардан куралган. Адеп жаңы туулганда кооз көйнөк кийген кыздай кулпуруп деле көзгө жагымдуу көрнөк-жарнагы менен элдин көңүлүнө жагуу аракетине өткөн.

Бул аракеттеринин анан да самандай сапырылган акчанын айы менен эптеп атып Жогорку Кеңешке да келген. Бирок, келээрин келип алып жанагы ыркы жок үй-бүлөөдөй болуп, ич-ара ыйкы-тыйкылары көбөйүп, өтө кызыл бат оңот дегендей партиялаштар бири-биринен «махабаттары» тез эле сууп кетти. Мындан улам 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бул партия катышпайт өңдүү. Дегенибиз учурда «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп олтургандар башка партия издеп жүрүшөт жабыла чуркап.

Эптеп келээрки чакырылышта да депутат болуп калуу жандалбасы менен. Негизи, бул депутаттар кайрадан мандат албай жөн жүрсө болбойбу? Биз билгенден азыркы 120 депутаттын дээрлик 90 пайызы кайра депутат болуу аракети менен партиялардын эшигин сагалап жүрүшөт. Деги ушулар элге эмне кылып кыйрата алышты? Уйку менен аш-тойдо эт жемейдин планын толтургандан башка өлкөнү өргө сүйрөөгө өбөлгө боло алышкан жок го.

Булак: «De-facto»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу