Кызсайкал Кабылова эмнеге өкүнүүдө?

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Кызсайкал Кабылова жолдошу Эрнис Айдаралиев менен бир кыздуу болгондон кийин эки ажырым жолго түшүшкөн. Бул чечимин жубайлар “тил табыша албадык” деп түшүндүрүшкөн.

Бирок арадан 1 жылдан ашык убакыт өткөнүнө карабай алар интернет баракчалары аркылуу ар түрдүү көңүл ооруткан постторду жазып келишет. Бир туруп өкүнүп жаткандай түр кылса кайра өкүнбөйм деп айтуудан чарчабай келишет. Ал эми алардын күйөрмандары азыр да жубайлардын кайра элдешишин тилеп келишет.

Ага карабай Кызсайкал бир топ адамдын үмутүнө суу сээп жакынкы күндөрдө мыйзамдуу түрдө кызынын фамилиясын Кабылова деп өзгөрткөндүгүн кабарлаган.

Ал эми кечээ баракчасына:“Сени менен урушканыма эмес, таанышканыма өкүнөм”, -деген билдирүү калтырды.

БУЛАК: zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу