Кызматтык алмашуулар күтүлүүдө….

Узун кулактык кылып уккан маалыматтарыбызга караганда, бийликте бир топ министрлер алмашаары айтылууда. Алардын катарын коомчулукта көбүрөөк иши сынга алынгандар экени белгилүү эле болду. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев сап башында экен.

Буга чейин Мурашев айыл чарбаны эптей албага-ны катуу талкууну жаратып, чирип кеткен картошкага да анын тийиштиги бар экени айтылып жаткан. Мурашев менен бирге вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдердин дагы аттары аталууда.

Кыясы, ИИМди жетектеп «Катани» каймана аты бар Өмүрбек Суваналиевдин барып калышы мүмкүн окшоп калды. Буга чейин Суваналиевдин кызматка барышын ИИМге карай жол катары айткаңдар болгон болчу. Ал эми президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Тапшаева вице-премьер министр болуп Алтынай Өмүрбекованын ордуна бараарын боолгологондор бар.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу