Кыздардын эрте турмушка чыгуусу боюнча Кыргызстан КМШда алдыңкы орунда турат

Эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ош шаарында өтүп жаткан тегерек столдо «Аялдар тынчтык банкы» фондусунун өкүлү Жылдыз Артыкова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда эрте турмуш курган кыздардын саны жыл санап өсүүдө.
«Статистикалык маалыматтарды ички иштер органдарынан, медицина кызматкерлеринен алдык. Статистикага таянсак, өлкөдө кыздардын эрте турмуш курушу боюнча 1-орунда Талас облусу, 2-орунда Чүй облусу турат. Ал эми КМШ мамлекеттеринин арасында Кыргызстан 15 жашка чейин турмушка чыккандар кыздардын саны боюнча 1-орунда турат. 17 жашка чейинкилер арасында 2-орунда турабыз», — деди Ж.Артыкова.
Ноокат районунун имам хатибинин орун басары Сайдазим Матисаков мектептерде 11-класска чейин билим алууга милдеттендирүүнү сунуштады.
«Ар бир баланы 11-класска чейин билим алууга милдеттендирүү зарыл. Айыл жергесиндеги кыздардын көбү 9-классты бүткөндөн кийин борборго иштегени барып, турмушка чыгып кетүүдө», — деди ал.
«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекованын пикиринде, миграция маселеси да кыздардын эрте турмушка чыгышына таасир тийгизип жатат.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу