Кыздарга арналган кеңештер

Бутум узун болуп көрүнүү үчүн эмне кылам?», «Арык көрүнүү үчүн кандай кийинген туура?», «Бетти тоголок кыздарга кандай көйнөк жарашат?» — кыздардын сулуулук тууралуу суроолору эч качан түгөнбөйт чыгаар. Кээ бирөөлөрүнө жооп издеп көрөлү.

1) Ак-сары туфли менен кыска юбка буттарыңызды узун көрсөтөт;

2) Жамбаштын толуктугун тик түрдөгү шымдар менен жынсылар жашырып турат;

3) Эгер белиңиз ичке, бирок жамбашыңыз жалпак болсо, анда сизге клеш жынсы менен белге тагылган кур жарашат;

4) Кийимдеги кичинекей сүрөттөр сырткы көзгө сизди кичирейтип көрсөтөт, ал эми чоң сүрөттөр тескерисинче толук көрсөтөт.

5) Узун көйнөктөр менен юбкалар боюңузду кыска кылат;

6) Формасыз кийимдер ар бир денеин түрүн бузат;

7) Башы тоголок, такалуу туфлилер бутуңузду ичке көрсөтөт;

8) Ал эми башы үч бурчтуу туфлилер буттарды толугураак кылат;

9) Кара колготкилер (50 денден ашпаган) бутарыңызды арык көрсөтсө, кара бут-кийим менен үндөшкөндө буттарыңыз узара түшөт;

10) Ачык түстү колготкилер тескерисинче буттарыңызды толук жана кыска көрсөтөт. Бирок, ак сары туфли менен узунураак көрүнөт;

11) Тунук, ачык блузка сыртка бардык артыкчылыктарыңызды да, кемчиликтериңизди да көрсөтөрүн унутпаңыз;

12) Эгер кийимдерди жарашыктуу кылып үндөштүрүү талантыңыз жок болсо, классикалык стилдерге басым жасаңыз;

13) Үч түс эрежеси: кийингенде үчтөн ашык ачык түс колдонбоңуз, антпесе элдин күлкүсүнө калышыңыз мүмкүн;

14) Чач үлгүңүз гардеробуңуздагы кийимдер менен шайкеш келүүсү керек;

15) Эгер бир нече атыр пайдалансаңыз, атырды кийимиңизге сеппеңиз. Атыр бир ай бою сакталып калышы мүмкүн;

16) Бети тоголок кыздарга V-түрүндөгү жака оюктары туура келет, ал эми тоголок оюк жака сүйрү бет кыздарга жарашат;

17) Бир гана стилдеги кийимди жактырып кийе берсеңиз убакыт өткөн сайын кызыксыз боло баштайсыз;

18) Ботфорты бутту кыскартып көрсөтөт;

19) Футляр түрдөгү көйнөктөр арык кыздарга да, толук кыздарга да жарашат. Бирок ичке белдүү кыздар кийсе жакшы көрүнөт.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу