Куш боосу бек болсун!

Далай тойлорду ийине келтирип алып барып жүргөн белгилүү куудул, шоумен кадимки Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов өзү күйөө бала болуп, колуктусуна ак көйнөк кийгизип, тоюн өткөрдү. Бу жолу демейде өздөрү той алып барып же болбосо ошол тойлорду көркүн ачып, чыгармаларын созолонткондор өздөрү конок болуп олтурушту. Арасында барандуу шоу-бизнес өкүлдөрунон тартып жаңыдан бул татаал аймакка кадам койгондорго чейин жүрүштү. Алар менен тамашалап айтканда шоуга аралашпаган коноктор көп байкалбай калды өңдөнөт.

Тойдун кадырлуу коноктору Бек Борбиев, Темирлан Сманбеков, Айбек Карымов, Күмөндөр Абылов сыяктуу улуу муундагы чыгаандардан баштап Кайрат Примбердиев, Өктөм Сапар уулу, Курал Чокоев, Мирлан Баеков жана башкалар болду.

Белгилүү болгондой, шоумендин жубайы Токтогулдун сулуусу Алина аттуу кыз. Экөө бир мектепте окуп, ал гана эмес коңшу жашашкан. Түгөйлөр 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, быйыл үйлөнүүгө бел байлашкан.

Эми баш кошкондорго туурунун бекем болушун тилек кылалы. Жаш колукту Алина сулуу деле билээр Манас сыяктуу элге-журтка таанылып калган инсан менен баш кошуу албетте сыймыктуу. Бирок, абдан татаал ушунча баш кошкондон кийин экөө бири-биринин ысык суугуна чыдашат деген оюубуз бекем.

Үй-бүлөлүк жолуңар байсалдуу болсун демекчибиз!

Булак: ARGUMENT.KG

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу