Куунак жүргөндүн купуя сырлары…

1.Ар дайым куунак жүрүү үчүн ар бир нерсеге чектөө менен мамиле кылганды үйрөнүңүз. Болбогон эле нерселерге таарынып, капа болуп, жакындарыңыздын көңүлүн оорутуп албаңыз. Көңүлүңүздү калтырган адамды кечире билиңиз. Бул жол аркылуу сиз өзүңүзгө зыян алып келген жек көрүү, кек сактоо сыяктуу жаман адаттардан арылгани болосуз.

2.Кандай гана кырдаал жаралбасын, ага күлүмсүрөө менен караңыз. Досторуңуз арасында сый болуңуз. Күлүп жүрсөңүз кыйынчылыкты дагы оңой жеңесиз. Ичиңизден жакшылыкка ишенсеңиз, ошол нерсе аткарылуусу толук мүмкүн.

3.Жашоого жеңил караңыз. Мисалга, “Андай менде качан пайда болот эле” деген ойдон оолак болуңуз. Кичинекей жетишкендиктерге кубана билиңиз. Дал ошодон улам чоң бир кубаныч жаралуусу мүмкүн. Жашоодо бардыгы оңой болбойт, бир гана чыдамкай болуу керек.

4.Ар дайым кыймылда болуңуз. Бүгүн кайгыга батсаңыз, эртең сөзсүз жылмаясыз. Бир күнүңүз кайталануу жана кайталанбоо өзүңүздүн колуңузда. Ошондуктан кайгыга батып жатып албаңыз.

5.Маанайыңыз түшкөн убакта, дароо музыка угуңуз, үй жыйнаңыз жана сүйүктүү ишиңиз менен алектениңиз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу