Куудул Абдылда Иманкулов «Эмгек сиңирген артист» наамын алды

 

Белгилүү куудул Абдылда Иманкулов «КР эмгек сиңирген артисти» наамын алды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Коомдук-саясий маселелерди чагылдырган курч сатиралары менен коомчулуктун суймөнчүлүгүнө татыган куудулга мамлекеттик сыйлык берүү талабы байма-бай айтылып келген.

Айрымдар анын бийликти сындаган сатиралары наам алуусуна тоскоол болгонун айтса, башкалар анын мамлекеттик кызматта иштебегенин себеп кылып көрсөтүп келишкен.

Кошумчаласак, мындай наамга Иманкуловдон башка ырчы Канымжан Жаманбаева жана манасчы Рысбай Исаковдор да татышкан.

бУЛАК:МАРАЛФМ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу