Курсан Асанов “Ош базарындагы” өртткө үч «версияны» айтты

ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов, “13-апрелдеги “Ош базардагы” бирөө атайын өрттөдү», деп айтып жатат, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?» – деген суроого Курсан Асанов,

—“Учурда өрт кырсыгы үч жолу катталды. Өрт боюнча кылмыш иши козголду. Өрткө үч божомол айтылууда. Учурда материалдар чогултулуп Башкы прокуротурага өткөрүлүп берилди”, деди Курман Асанов, ЖК “Ар түрдүү маселелер” жыйынында.

Эске сала кетсек,  30-январда, 5-мартта, 13-апрелде Бишкек шаарындагы Ош базарында 13-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө  ЖК талкуу болуп жатат.

Вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун айтымында, Ош базарындагы 30-январда болгон өрттөн 3,5 миӊ чарчы метр, 5-марттагы өрттөн 2 миӊ чарчы метр, 13-апрелдеги өрттө 2 миӊ чарчы метр соода жайы күлгө айланган.

Ал эми Жалал-Абад шаарынддын борбордук базарында чыккан өрттөн 359 ишкер 630 млн сом өлчөмүндө зыян тарткан.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 17-январда Ош базарындагы өрттөн жабыр тарткан жарандарды кабыл алып, кыргыз парламенти тарабынан аларга колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүү менен бирге, бул маселе талкуулана турган парламент жыйынынын ишине катышууга чакыргын болчу. Бул тууралуу маалыматты ЖК басма-сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу