Кургатылган жемиштердин пайдасын билесизби?

Кургатылган жемиштер биздин ден соолугубузга абдан пайдасы көп.

Кургатылган өрүк

Кургатылган өрүк стрессти азайтып, кан аздуулуктун алдын алат. Анын курамындагы А витамини теридеги кемчиликтерге абдан пайдалуу. Күнүнө беш даана кургатылган өрүк жеп туруу менен сиз жүрөк булчуңүнун мыкты иштөөсүнө шарт түзгөн болосуз.

Кургатылган жүзүм

Кургатылган жүзүм-суукка каршы иммунитетти бекемдейт жана кан басымды түшүрүүгө жардам берет.

Кургатылган алма

Кургатылган алма ичегилерди тазалоого жардам берип, жүрөк жана астма ооруларынын алдын алат.

Кургатылган курма

Анын курамы түрдүү антикосиданттарга бай болгондуктан, иммуниттети бекемдөөгө жардам берет. Мээнин иштөө функциясынын иштөөсүн жакшыртат.

Кара өрүк

Кара өрүктүн курамы В1, В2, В3, В6, А, С жана Е витаминдерине бай. Анын курамында магний жана калий болгондуктан, боор, жүрөк, бөйрөк жана ревматизм ооруларына пайдалуу.

Кургатылган инжир

Кургатылган инжир ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу